Агглютинация (реакция)

Википедия дан
Агглютинация (реакция) -‎»‎ барагынан багытталды)

Агглютинация (реакция) - антителолордун клеткалар жана башка зор корпускулярдык бөлүкчөлөр менен (мисалы, эритроциттер, бактериялар жана башка) өз ара аракеттениши. Бул реакция корпускулярдык бөлүкчөлөрдүн үстүнө преципитациянын (тунуунун) өтүшүн көрсөтөт. А-нын реакциясы бактерия түрлөрүнүн жана эритроциттердин типтерин аныктоого пайдаланат. Андан тышкары, лейкоциттердин , тромбоциттердин , сперматозоиддердин жана башка бөлүкчөлөрдүн агглютинациясы белгиленген. Агглютинация реакциясы өтө сезгичтиги менен айырмаланат, сыворотканын (кандын сары суусунун) бир мл 0.01 антигендин микрограммын аныктаса болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1