Агрессивдүү суу

Википедия дан

Агрессивдүү суу - металл, бетон ж. б. материалдарга химиялык терс таасирин тийгизүүчү жер астындагы суу. Курамында ар түркүн аммоний туздарын, туз, күкүрт ж. б. кислоталарды камтыйт, өзгөчө агрессивдүүлүккө ээ. Мындай суулардын курамындагы туздардын химиялык таасиринен бетондун сапаты начарлап, акырындык менен бузулат. Агрессивдүү суулар жер бетинен 0,2 мден төмөнкү ар кандай тереңдикте болот. Алар жалпы кислоталуу, сульфаттуу, магнезиялуу жана көмүр кислоталуу болуп бөлүнөт. Суунун агрессивдүүлүгү анын химиялык курамына атайын инструкциянын талаптарына салыштыруу менен аныкталат. Ошондуктан жер бетинен кандайдыр бир тереңдикте жайгашуучу имараттардын фундаменттерин, гидротехникалык курулуштар менен коммуникацияларды, суу түтүктөрүн жана башкаларды курууда ошол тереңдиктен учураган суунун агрессивдүүлүгүн аныктап, ага каршы алдын-ала тийиштүү чараларды көрүү талап кылынат. Ошондой эле химиялык жер семирткичтер колдонулган талаалар аркылуу аккан азоттун жана күкүрттүн бирикмелери менен каныккан атмосфералык нымды (кислоталуу жаан-чачын) сиңирген суу да агрессивдүүлүккө ээ. Өтө агрессивдүү суулар организмдердин тиричилигине коркунуч туудурат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1