Агро-өнөр жай бизнеси

Википедия дан

Агроөнөржай бизнеси - азык-түлүктөрү жана аларды өнөр жайлык кайра иштетүү, айыл чарбасына керектүү өнөр жайлык товарларды өндүрүү, сатуу, сатып алуу иш-аракеттери менен киреше алуу. Бул бизнестин субъектилери өз иш-аракетинде эркин жеке менчик ээлери, өлкөдөгү мыйзамдын жана экономикалык мамилелердин негизинде рыноктук операцияларды активдүү жүргүзүү менен пайда табат. Анын субъектилери банктан кредит алып же өзүнүн капиталын пайдаланып, рыноктук мамилеге киришет. Мындай бизнеске айыл чарбасына керек техникаларды, жабдууларды сатууну жана сатып алуу, күйүүчү-майлоочу майлар, запастык тетиктер менен камсыз кылуу, айыл жеринде жашагандарды тамак-аш, кийим-кече, ар кандай керек товарлар менен жабдуу иштери да кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1