Агроклиматология

Википедия дан

Агроклиматология - (агро..., жана гр. klima –климат, logos – илим),же айыл чарба климатологиясы айыл чарба өндүрүшүнүн бир фактору катары климатты изилдөөчү илим; климатологиянын бир бөлүгү. Жер кыртышы жана анын асылдуулугу, суу ресурстары, өсүмдүктөр климатка жараша болот. Ошондуктан айыл-чарбасын адистештирүүдө климаттык шарт эске алынат. Агроклиматологиянын милдеттерине: климатка айыл-чарба жагынан баа берүү жана айыл-чарба өсүмдүктөрүн, малдын түрлөрүн рационалдуу жайгаштыруу максатында жерлерди агроклимат боюнча райондоштуруу; аба-ырайынын катаал шарттарынан сактануу жолдорун иштеп чыгуу ж. б. кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1