Агрохимия картограммасы

Википедия дан

Агрохимия картограммасы – агрохимиялык карта. Айыл чарбага жарактуу жерлердин топурагын агрохимиялык изилдөө натыйжаларын чагылдыруучу схемалык карта. Ар бир аймак үчүн атайын түзүлгөн картограмма топурак картасын толуктап, чарбада агротехникалык ыкмаларын иштеп чыгуу үчүн колдонулат. Ири, орто жана кичине масштабдуу болуп бөлүнөт. Ири масштабдуу картограмманын негизинде айрым талаа үчүн жерсемирткичтин түрү жана өлчөмү аныкталып, топуракты акилештирүү же гипстештирүү планы түзүлөт. Агрохимия картограммасын топурактын агрохимиялык касиети 10 га же андан чоң аянттан алынган топурак сынамыгын анализдөө менен аныкталат. Айдоо жер үчүн ирирээк, жайыт, дың, айдалбаган бош жер үчүн кичине масштабда агрохимиялык карта түзүлүшү мүмкүн. Кыргызстанда агрохимиялык карта мезгил мезгили менен жаңыртылып турат жана агрохимиялык лаборатория аркылуу ишке ашырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1