Агроценоз

Википедия дан

Агроценоз - (грек. ἀγρός жана грек. κοινός жалпы) маданий өсүмдүктөр өстүрүлгөн аймактын (талаанын, плантациянын, огороддун, бакчанын, зардын ж. б.) кыртышында жашап жаткан организмдердин көптөгөн түрлөрүнүн тобу. Агроценоз төмөндөгүдөй бөлүнөт: адамдын колу менен жасалган агроценоз ургаалдуу пайдалануунун натыйжасында түрү өзгөрүлгөн табигый өсүмдүктөр тобунун сапаты жакшыртылганы (пландуу пайдаланган токойлор, шалбаалар); жарым-жартылай кол м-н өстүрүлгөн агроценоз. өсүүсү пландуу түрдө жөнгө салынып турбаган өсүмдүктөрдүн жасалма тобу (эгилме токой аянттары, себилме көп жылдык шалбаалар); айдалма агроценоз. өсүп-өнүгүүсү адам тарабынан жөнгө салына турган өсүмдүктөрдүн коомдоштугу (бак-дарактар, плантациялар, айдоолор); ургаалдуу экме агроценоздо кыртыш, суу, аба чөйрөсү түзүлүп, өсүп-өнүгүүсү жөнгө салынып туруучу өсүмдүктөр тобу (күнөскана өсүмдүктөрү, аэропоника, гидропоника). Адамзаттын чарба иштерин ургаалдуу жүргүзүшү табигый биоценоздордун көп түрдүүлүгүнүн кыскарышына алып келүүдө. Бул болсо атмосферанын газ алмашуу режимине тоскоол болуп жатат. Ошондуктан, айлана-чөйрөнү коргоо жана айыл-чарба ландшафттарынын чарба иштерин туура жүргүзүү, Агроценоз түшүмдүүлүгүн жогорулатуу (өсүмдүктөрдү СО2 газы м-н жетиштүү өлчөмдө камсыз кылып) ж. б. мелиорация иштерин жүргүзүү керек. К. Молдошев.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1