Адабий окуу

Википедия дан

Адабий окуу – башталгыч класстардагы эне тили (окуу) предмети адабий окуу деп аталган. Ал адабияттык окуудан айырмаланат. Адабий окуунун негизин «окуу» түзүп, анын адабий багыты күчөтүлөт. Анда текстти окуудан баштап, айтып берүү, суроолорго жооп берүү, текстти өзгөртүп түзүү, кыскартып, жактарын өзгөртүп айтуу, текстти бөлүктөргө бөлүп, аларга ат коюу, бөлүктөрдүн ортосундагы байланышты аныктоо, план түзүү, каармандардын ортосундагы окшоштуктарды, айырмачылыктарды аныктоо, жаратылыш көрүнүштөрүн сүрөттөгөн, каармандарга тиешелүү сапатарды ачык көрсөткөн көркөм сөз каражаттарын таап, аларга талдоо жүргүзүү, текстти улантуу, тексттеги жыйынтыкка башкача жол менен келүү, макал, ылакаптарды пайдаланып текст түзүү, автордун чеберчилигин көрө билүү, андан өзү үчүн жаңылык ачуу, мурда аткарылбаган жаңы деңгээлдеги өз алдынча текст жаратууга чейин камтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: И.Бекбоев. Бишкек - 2004.