Адабий тил

Wikipedia дан

Adabij til — qalypqa salynğan, stil žağynan taram-taram ažyrağan, qoomduq mildeti keŋejgen, belgilüü bir ulutqa ortoq til. Til iliminde adabij til žönündö eki başqa köz qaraş bar:
bir köz qaraş bojunça adabij til žazma-çijme şyqqanğa çejin dele ar qajsy elde önügö beret dese, ekinçi köz qaraş bojunça adabij til žazuu madanijatynyn çyğyçy žana önügüşü menen bajlanyştyrylat.
Адабий тил деген түшүнүк демейде ушул мааниде — жазуунун чыгышы менен айтылат.
Адабий тил элдик тилдин негизинде белгилүү ченемге салынат, айтылышы, жазылышы, колдонулушу такталат.
Адабий тил жазма жана оозеки түргө бөлүнөт.
Жазма түрүнүн ченемдери басма сөздө: газета, журнал, китеп жана башка колдонуу менен орфографиялык, пунктуациялык эрежелер аркылуу белгиленип, оозеки сүйлөө ченемдери окуу жайларындагы лекцияларда, радио, театрда, теле көрсөтүүлөрдө жана башка сүйлөнүп, орфоэпиялык эрежелер аркылуу жөнгө салынат.
Адабий тилдин калыптанышында көркөм адабияттын, асыресе көркөм сөз чеберлеринин ролу чоң.
Тиги же бул тилде саясий, илимий көркөм адабияттын дүркүрөп өнүгүшү ал тилди жогорку баскычка көтөрөт.
Бул учурда адабий тил баралына жеткен тил деп саналат. Жазма-чийменин жаралышы, ар түрдүү адабияттын өнүгүшү, калктын туташ сабаттуу болушу, баштагыдан арбын жана бийик милдеттерди аткара башташы кыргыз тилинин өнүккөн адабий тил катары калыптанышына шарт түздү.
Жазма түрүнүн ченемдери, гезит, журнал, китеп жана башка басма сөздө колдонуу менен орфографиялык, пунктуациялык эрежелер аркылуу жазылат; ошондой эле анын оозеки сүйлөө эрежелери окуу жайларындагы лекцияларда, радиоберүүлөрдө, театрда, телекөрсөтүүлөрдө жана башка учурларда сүйлөнүп, орфоэпиялык эрежелер аркылуу жөнгө салынат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004