Адабияттын таптуулугу

Википедия дан

Адабияттын таптуулугуадабият коомдук аң-сезимдин бир формасы болгондуктан, ал таптык коомдо белгилүү бир таптын кызыкчылыгын колдойт.

Айрым бир акын-жазуучулар социалдык пөзициясы, көз карашы боюнча өз чыгармаларында эзүүчү таптын тарапкери болуп чыкса, айрымдар жалпы эл массасынын — эзилген таптын тарапкери болот. Мына ушуга карап адабияттын таптык мүнөзү келип чыгат. В. И. Ленин кандай гана чыгармачылык күч болбосун анын «коомдо жашап туруп, коомдон сыртта болбостугун» айткан, демек ар бир адам бул же тигил таптын кызыкчылыгын көздойт. Мисалы: революцияга чейин бизде эки агым болгон. Айрым ырчылар бай-манап-тар менен феодалдардын кызыкчылыгын жакташса, элдик-демократиялык. акындар карапайым элдин, эмгекчи массанын ой-тилегин, жашоо-турмушун ырга кошкон.

Искусство чыгармаларынын таптык мүнөзүн элдик оозеки чыгармалардын мурастарынан да айкын көрүүгө болот. Азыркы учурдагы адабиятты ала турган болсок, анын таптык касиети нукура пролетардык мүнөзүнүн таасын көрүнгөндүгүндө.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Адабияттын_идеялуулугу
  2. Адабияттын_партиялуулугу
  3. Адабияттын_элдүүлүгү

Булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]