Адабият таануу

Wikipedia дан

Адабият таануу - көркөм адабият жөнүндөгү илим. Ал эстетика менен бирге көркөм чыгармачылыктын жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдейт.

Адабият төмөнкүдөй тармактарга бөлүнөт:

  1. Адабият теориясы
  2. Адабият тарыхы
  3. Адабий сын

Б. з. ч. 56-кылымдарда Байыркы Грецияда адабият менен искусствонун чыгармаларын баалоонун карама-каршы эки принциби пайда болуп, ошол кылымдын алгачкы мезгилинде алыскы жана Орто Чыгыш өлкөлөрүндө адабият өнүгүүнүн дагы бир баскычына көтөрүлөт. Иран жана Орто Азиядагы Адабият таануу араб тилинде өнүгө баштайт. Европа өлкөлөрүндө Адабият таануунун тарыхында жаңы этап башталат. А. Н. Радищев (1749–1802) биринчи болуп адабияттын коомдук-тарбиялык милдеттерин элди эзүүчүлөргө каршы боштондук күрөшүнө кызмат кылуу милдети менен байланыштырган. В. Г. Белинский (1811–1848) орустун Адабият таануусунда жаңы доор баштап, материалисттик эстетиканын негизин салды. Адабияттагы жаңы багыт үчүн күрөш А. И. Герцендин (1812– 1870), Н. Г. Чернышевскийдин (1828–1889), Н. А. Добролюбовдун (1836–1861) эмгектеринде улантылды.

Адабият таануу ХХ кылымда өнүгүп, адабиятты коомдук көрүнүш деп, конкреттүү образдар жана сүрөттөр аркылуу чындыкты таануунун өзгөчө түрү катары карашты, тарыхты илимий материалисттик түрдө таанууга таянышып, коомдук аң-сезимдин бардык башка түрлөрү сыяктуу эле адабияттын өсүп-өнүгүшү да коомдук, экономикалык түзүлүштөгү, тап күрөшүндөгү өзгөрүүлөр менен шарттала тургандыгын айтышты, искусствого баа берүүнүн объективдүү чени катары адабий чыгарманын көркөмдүк баасы элдин күрөшүн канчалык даражада чагылткандыгына жараша болорун белгилешти. Кыргыздын адабият илими элдин адабий, эстетикалык жактан өсүп-өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү, улуттук адабияттын калыптануу процессинин өзгөчөлүктөрү, фольклордук салттар менен реалисттик тажрыйбанын кандайча айкалышып жаткандыгы, кыргыздын көркөм чыгармачылыгында жашап келген түрлөрдөгү жана жанрлардагы жаңы сапаттык өзгөрүүлөр, мурда болбогон түрлөр менен жанрлардын өсүп-өнүгүшүн шарттаган коомдук-эстетикалык факторлор, социалдык шарттардын, искусствонун милдеттеринин өзгөрүшү менен бирге адабияттын тематикасындагы өзгөрүүлөр, анын турмушту көркөм түрдө көрсөтүү жолдорунун, каражаттарынын байышы жана ушул сыяктуу маселелерди кароого жана чечүүгө аракет кылып келе жатат.

Кыргыз элинин көркөм сөз чыгармачылыгын, айрыкча бай фольклорун изилдөөдө А. О. Ауэзов, В. В. Жирмунский, М. И. Богданова ж. б. окумуштуулар эмгектеништи. Азыркы күндө адабиятчылардын бир тобу илимдин бул тармагында активдүү иштеп жатат. Ырас, тарыхта адабият таануунун адашуулары, жаза басуулары да болду, саясатка кызмат кылуунун принциптерин ашкере колдонгондуктан чыныгы көркөмдүк деңгээли жогорку чыгармаларды элге таратпоого да аракет кылынды. Бирок канткен менен өткөн кылым кыргыз Адабият таануусунун пайда болушунун, калыптанышынын, өсүп-өнүгүшүнүн, элдин коомдук, адабий-эстетикалык аң-сезиминин өсүшүнө салым кошуунун кылымы болду.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004
  • Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору. Бишкек – 2004