Адабият тектери

Wikipedia дан

Адабият тектери — адабий чыгармаларды системага салуу жана топ-топко ажыратуу принциби. Көркөм адабият, эпос, лирика драма деген тектерге бөлүнөт. Бул көркөм адабияттын узакка созулган тарыхый өнүгүшүнүн натыйжасында келип чыккан. Көркөм чыгармачылыктын тектери байыркы замандан бери бири-биринен ажырабаган (синкреттүү) мүнөздө болуп, коомдук турмуштун татаалданышынан улам ич ара жиктеле баштаган. Көркөм адабияттагы мындай жиктелүүнү алгач илимий сөз (термин) менен Аристотел атаган. Адабий чыгармалар реалдуу дүйнөнү чагылдыруу ыгына жараша тектерге бөлүнөт.

Эпос турмуш көрүнүштөрүн, келки окуяларды сүрөттөө аркылуу чагылдырууга умтулат; драмада окуялар каармандын кыймыл-аракети жана өз ара сүйлөшүүсү аркылуу берилет; лирикада адамдын ички сезимдери туюнтулат; ушуга жараша лирикада — монолог, драмада — диалог, эпосто монолог-диалогдон башка окуялардын жүрүшүн баяндоолор, портреттик жана пейзаждык мүнөздөмөлөр басымдуулук кылат. Бирок адабият тектери бири-биринен окчун ажырап турган көрүнүштөр эмес, алардын бирине тиешелүүсү экинчисине оошуп өтө берет. Анын үстүнө адабий чыгармалардын тектерге бөлүнүшү дайыма шарттуу (болжолдуу) мүнөзгө ээ болот.


Колдонгон адабият[оңдоо]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004