Адал

Википедия дан

Адал – же халал (арабча «эркин», «байланбаган») шарият мыйзамдары боюнча адамга уруксат этилген, ислам этикасына жооп берген иш-аракеттер, нерселер: 1) жегенге жарамдуу азык-түлүк; 2) адамдын ички тазалыгы; 3) таман акы, маңдай тер менен табылган киреше; 5) ажылыкка барып келип, кайрадан өз ишине кайрылып, күндөлүк турмушта жашоосун уланткан адамдын абалы ж. б. Башкача айтканда исламда тыюу салынган иш-аракеттерге карама-каршы түшүнүк.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1