Адашбаев Турсунбай Шакирович

Википедия дан
Адашбаев, Турсунбай Шакирович‎»‎ барагынан багытталды)

Турсунбай Шакирович Адашбаев (өзб. Tursunboy Adashboyev) (1931-ж.т.) - белгилүү өзбек акыны жана котормочусу. Өзбекчеден кыргызчага жана кыргызчадан өзбекчеге арбын китеп которгон.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Турсунбай Шакирович Адашбаев 1939-жылы 1-январда Кыргызстандын Ала-Бука районундагы Мазар (Гүлстан) кыштагында колхозчунун бүлөсүндө туулган.

1957-жылы айылындагы "Кызыл" орто мектебин аяктаган.

1963-жылы Ташкен мамлекеттик университетинин Журналистика факультетин аяктаган.

1980-82-жылдары Маскөөдө СССР Жазууучулар Биримдигинин Жогорку адабий курсунун угуучусу болгон.

1963-73-жылдары жана 1977-79-жылдары Ош шаарындагы "Ленин йули" гехитинид адабий кызматкер болуп иштеген.

1973-77-жылдары Ош облусунун сыналгы-үналкы комитетинин редактору болгон.

1987-жылдан Ташкен шаарында иштейт. Мында ал "Йулдузча" басмасынын редактору болуп да далай жылдар иштеди.

Адабий чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1957-жылдан бери чыгармалары жарык көрүп келет.

Кыргыз жана өзбек тилдеринде эркин жазат.

Анын туңгуч ырлар китеби ("Камалдын алмасы") 1964-жылы өзбек тилинде чыккан.

1972-жылы «Ала-Тоолук боломун» деген китеби кыргызча жарык көргөн.

Котормочулук[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал ошондой эле котормо жанрында да белсенип иштеп келе жатат. К.Чуковскийдин, С.Маршактын, Токтогулдун, Тоголок Молдонун, С.Эралиевдин, С.Жусуевдин, Т.Касымбековдун, Ж.Мавляновдун чыгармаларын өзбек тилине которгон.

Турсунбай Адашбаев далай кыргыз акын-жазуучуларынын 40ка жакын чыгармасын өзбекчеге которуп жарыялаган.

Алардын арасында "Манас" дастанынын кара сөз баяны, Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романы да бар.

Коомдук иши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Турсунбай Адашбаев кыргыз жана өзбек элдеринин боордоштугун чыңдоодо данакерлик кызматты ырааттуу аркалап келет.

1965-жылы КПССтин мүчөсү болгон.

1966-жылы СССР Жазуучулар Биримдигине мүчө болгон.

Кыргыз тилиндеги чыгармаларды өзбекчеге которгону үчүн анын дарегине далай жылуу сөздөр айтылган.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1993-жылы Өзбекстан элге билим берүү мыктысы наамын алды.

1999-жылы Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алды.

1999-жылы Өзбекстандын "Достук" орденин алды.

1995-жылы Кыргызстандын "Манас" ордени менен сыйланды.

Чыгармаларынын кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилиндеги китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ала-Тоолук боломун: Ырлар,— Ф.: Мектеп, 1972.— 19 б.
  • Сурнай: Ырлар жана баллада. — Ф.: Мектеп, 1984.— 28 б.

Өзбекче чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Камолнинг олмаси: Шеьрлар. «Kamolning olmasi», — Ташкент: Ёш гвардия, 1964.— 25 с. — өзб.
  • Биз сайохатчилар «Biz sayohatchilar". (Мы путешественники): Стихи. — Ташкент: Ёш гвардия, 1966. — 35 с. — өзб.
  • Арсланбоб шоркиратмаси / Водопады Арсланбоба: Стихи. — Ташкент: Ёш гвардия, 1969. — 30 с. — өзб.
  • Нур-Дарья: Поэма, стихи. — Ташкент: Ёш гвардия, 1974. — 340 с. — өзб.
  • «Olatogʻ-lolatogʻ» (1978),
  • «Joʻnataman quyoshni» (1982),
  • Волны Акбуры: Стихи, сказки, баллады. — Ташкент: 1985. — өзб.
  • «Arslonbob afsonasi» (1988),
  • «Uch boʻtaloq va sirli qovoq» (1990),
  • «Topishmoqli alifbe» (1997).

Балдарга арналган китептеринен[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Uch boʻtaloq va sirli qovoq. T.: «Choʻlpon» 1990.
  • Topishmoqli alifbe.T.: «Choʻlpon» 1997.

Башка тилдердеги чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Подарок: Стихи. — Ташкент: Юлдузча, 1986. — 52 с.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Сборник стихов киргизских поэтов. — Ташкент: Гафур Гулям, 1970. — 40 с.
  • Умсталисп Т. Поющий жаворонок. — Ташкент: Гафур Гулям, 1972, — 50 с.

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • R. Barakaev. Jonajonim sheʼriyat. Monografiya. - T.;Choʻlpon, 1997.
  • Z. Isomiddinov. Dil koʻprigi. Maqola. // «Jahon adabiyoti» 1998, 12-son.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]