Аденилатциклаза

Википедия дан
Аденилатциклаза -‎»‎ барагынан багытталды)

Аденилатциклаза - лигаза классынын ферменти. Жандуу клеткалардын цитоплазмалык мембранасында жайгашкан. АТФтен циклдүү 3',5' аденозилмонофосфаттын (ЦАМФ) пайда болушун катализдейт:

АТФ  ЦАМФ + ФФн

Ферменттин активдүүлүгү гормондор аркылуу иретке салынат. Адреналин, глюкагон жана гипофиздин кээ бир гормондору активдештирет, инсулин менен простогландиндер аденилатциклазаны басат. А. көп клеткаларда, өзгөчө боор клеткаларында, цитоплазмалык мембранада кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]