Аденовирус оорулары

Википедия дан

Аденовирус оорулары — кишинин жана жаныбарлардын аденовирустар козгоочу жугуштуу оорусу. Аденовирустар антибиотиктерге туруктуу, төмөнкү температурада жана сырткы чөйрөнүн түрдүү шарттарында жакшы сакталат. Ультра кызгылт көк нурдун таасиринен, 5%түү формалин жана фенолдун эритмесинде өлөт. Жаңы төрөлгөн балада 6 айга чейин энеден берилген иммунитет болот. Аденовирус ооруларын жуктуруучу булагы — оорулуу адам жана вирусту алып жүрүүчүлөр.
Вирус оорулуунун какырыгы, шилекейи менен адам чүчкүргөндө, жөтөлгөндө бөлүнүп абаны булгайт, ошондой эле ал урунган буюмдар, идиштер аркылуу соо кишилерге жугат. кийин да пайда болушу мүмкүн. Аденовирусдун пайда болушуна мурун-кулкундун сезгенишин пайда кылуучу жугуштуу оорулар (кызамык, көк жөтөл, кеп Г төөр, скарлатини, грипп ж. б.), ошондой эле ал урунган буюмдар, идиштер аркылуу соо кишилерге жугат.
Оорунун жашыруун мезгили 3— 14 (орточо 5—7) күнгө чейин созулат. Оору көбүнчө акырындык менен башталат. Сыркоологон кишинин абалы начарлап, эти ысыйт, алы кетет, башы ооруп, окшуп, кээде кусат. Кээде оору грипп сыяктуу капысынан башталышы да мүмкүн. Анда денеси ысып, мурду бүтөт, көз жапкактары кызарып, көзүнөн жаш агып, бир нерсе түшкөндөй өйкөп ооруйт. Тамагы шилекей жуткурбайт. Айрым учурда үнү кырылдап бүтөт, аба жетпегенсип, деми кыстыгып, дем алуу кыйындайт, күркүлдөп жөтөлөт. Кээде ичеги-карын сезгенип, ич өтөт. 1 жашка чейинки балдарда өпкөнүн сезгенүүсү мүмкүн. Оору акырындык менен башталып, температурасы 37,2—37,5°ка чейин көтөрүлөт, мурду бүтүп, жөтөлөт. Андан ары оорулуу баланын абалы тезинен начарлап, эти ысыйт (38—39°ка чейин), жөтөл күчөп, деми кыстыгат, кусат, ичи өтөт. Аденовирус ооруларынын өпкөдөн сезгенип оорушун ооруканада гана дарылоо керек. Оорунун кабылдап кетүүсү жаш өспүрүмдөрдүн ден соолугуна өтө коркунучтуу. Аденовирус ооруларынын башка клиникалык түрлөрүндө оорулууну врачтын көрсөтүүсү менен, үйдө өзүнчө бөлмөгө бөлүп дарылоо керек. Оорулууга коомдук жайларга барууга тыюу салынат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8