Адольф Гитлер

Википедия дан
Адольф Хитлер‎»‎ барагынан багытталды)
Адольф Гитлер.
Адольф Гитлер.

Адольф Гитлер (нем. Adolf Hitler) (20 апрель 1889, Браунау-на-Инне, Австро-Венгрия30 апрель 1945, Берлин, Нацисттик Германия) – фашисттик диктатор; Германиянын улутчул-социалисттик партиясынын жол башчысы (1921-жылдан фюрер), 1933–45-ж. рейхсканцлер, 1934-жылдан президенттик пост менен бириктирип алган. 1941-жылдан герман куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы. 1934-ж. Германияда фашисттик-террордук режимди орнотуп, саясий атаандаштарынын бардыгын «узун бычактар түнүндө» жок кылган. Экинчи дүйнөлүк согушту түздөн-түз баштоочулардын бири, 1938-ж. Австрияны аншлюстаган жана Чехословакиянын Судет областын басып алган. Польшаны басып алуу үчүн Советтер Союзу менен кол салышпоо тууралуу пактыга кол коюп (1939), аны бузуу менен 1941-ж. 22-июнда СССРге кол салууну уюштурган. Оккупацияланган аймактарда согуш туткундарын жана жергиликтүү элдерди массалык түрдө кырып жоюунун (өзгөчө еврейлерди) негизги уюштуруучуларынын бири болгон. Советтик аскерлердин Берлинге кириши менен өзүн-өзү өлтүргөн. Нюрнберг процессинде Гитлер негизги нацисттик кылмышкер катары аныкталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]