Адсорбция изотермасы

Википедия дан

Адсорбция изотермасы – Г теңдештик абалдагы адсорбциялык системанын мүнөзүн аныктоочу параметр. Г – адсорбент 1 м2 аянтына (же 1 кг) адсорбцияланган заттын молдук саны. Концентрация кичине мааниге ээ болгон учурда ai = Г. Парциалдык басым р (же сi) жана Т темп-ра төмөндөгү термиялык теңдеме f(a1, a2, ai, p1, p2, ...pi, T) =0 менен байланышта. Жекече адсорбтивдин (i=1) адсорбциясы учурунда бул теңдеме төмөнкүдөй жазылат: f (Г,р,Т)=0 же болбосо адсорбцияланган газ санынын басымга жана темп-рага болгон көз карандылыгын Г=f (р,Т) көргөзөт. Эгерде темп-ра турактуу болсо, анда адсорбцияланган зат саны теңдештик абалдагы басым функциясы болуп саналат. Г=f (р) Т=const. Бул теңдеме адсорбциянын изотермасы деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]