Адыл Баатыр

Википедия дан

Адыл Баатыр, А д ы л С у б а н уулу (1826–1860) –19-к-дын 1-жарымындагы түндүк кыргыздардын саясий чөйрөсүндөгү таасирдүү инсан. Атасы Субан Ныязбек бийдин уулу, атактуу «Ныязбектин сегиз бегинин» бири болгон. Адыл баатыр Ормон хандын аскер башчысы катары кызмат кылып, баатыр атка конгон. 1847-ж. Кенесары хандын аскерлерине каршы согушта көрсөткөн эрдиктери м-н белгилүү болгон. Төрт жолу эрөөлгө чыккан. Казактын биринчи баатыры 24 жаштагы Ноорузбай торо менен 21 жашында жекеге чыгып беттешкен. 1855–59-жылдары бугу-сарыбагыш согушун жетектегендердин бири. Ормон ханды 1854- жылы орус генералдарынын буйрутмасы менен жана Улуу Жуз казагынын султаны Тезек торонун иштеп чыккан планы боюнча, Каркырадан отуз киши менен жон-жай жол журуп келе жатканда, орус бийлигине жашыруун отушкон бугу уруусунун миндей адамы Кылыч, Мурза, Балбай, Алыбек баштап курчап алып колго тушурушкон. Мурза Нышан уулу Ормон ханды атказып жатып канжар менен бойрокко сайып олтургон. Ормон хандын керээзи боюнча Адыл баатыр Ормон хан белекке берген Аксур тулпарды минип, Ормон хандын курооко тонун кийип кол баштап, жекеге озу чыгып биринчи эле беттеште каршылаш баатырды ыргыта сайып бугу уруусун Текести коздой суруп жоногон. Каршы чыккан Койке деген баатырды олтуруп, кууп журуп отуруп Мурза баатырды таап найза менен сайып тушуруп, башын кесип канжыгасына байланып келип Ормон хандын оргосундо табакка салып коргозуп керээзин орундаткан. Орус бийлигине моюн сунууну каалабагандыгы үчүн, 1860-жылдын жазында Ысык-Көлгө келген генштаб капитаны Венюковдун жазалоочу кошууну тарабынан туткундалып, Верный чебинде уу берилип олтурулгон. Сөөгү Атбашыдагы Каракоюн деген жерге коюлуп, күмбөз тургузулган.

1860-жылы 14-июлда Орусиянын аскер министрине жазган билдируусундо батыш Сибирь жана Жетисуунун генерал губернатору Г. И. Гасфорд мындай деген: "Результатом этой экспедиции является не только свершенное восстановление нашего влияния у рода Бугу, но и захват Адыла и бегство некоторых главнейших хищников рода Сарыбагыш, одних за Небесные горы, а других в Талас".

(Ц.Г.И.А. Узб. респ. Ф, оп. 1, д 23, док 114) "Очерки политической истории Киргизии 19 века" Академик Б. Джамгерчинов. Фрунзе 1969 год. Изд. "Кыргызстан" 141-бет.

Субандын уулу Адыл анык баатыр, эр адам, жузундо арыстандын суру болгон.

"Мухтасар Тарих Кыргызие" Осмонаалы Сыдык уулу. 1911-жыл.Уфа. "Шарк" басмаканасы.

Субандын уулу Адыл акыйкатта баатыр адам болду, бирок баатырлыгынан пайда корбоду.

"Тарих кыргыз шадмания" Осмонаалы Сыдык уулу.1914-жыл.Уфа. "Шарк" басмаканасы.

Сарыбагыш кыргызынан атактуу кан ичер манаптын бири Адыл болгон. Жаш кезинен баатырлык кылып, бугу-сарыбагыш согушунда Төрөгелдиге такоол болуп элге кайрат берип, бугу Мурзаны согушта олтуруп башын кесип байланган. Учуко, Тулку, Атагозу, Чабактын кунун кубалап, Турпанга барып эл чаап, көп мал, төө алып кайткан.

"Кызыл Кыргыз тарыхы" Белек Солтоноев. 1934-жыл. Бишкек. "Учкун" концерни, 2-китеп. 67-бет. 1993-жыл.

Бу чабуулда адегенде жекеге чыгышып, жекесин Адыл ыргыта сайып, жоо качтылап качырып аламан каптап, нечен киши олтуруп, казан-аяк, кайчы-тулгаларын кыйратып, кулун сапыра кууп, мал, дунуйо-мулктон таланып, канча бир кыз-келиндер колго тушуп, кан журуп кетти. Ошонун натыйжасында Бугулар кайран Ысык-Колдон ажырап, калмак жагына оодарылып качышты. Олгондор олду, чабылгандар чабылып, мал-дунуйодон ажырашып, унутулгус окуя менен булунду.

"Кыргыздар" 2-китеп. 41-бет."Тарых, тупку аталар" Байымбет Тоголок Молдо. 1920-жыл. Бишкек 1991-жыл "Кыргызстан" басмаканасы.

Душмандар корккон каарынан

Субандын уулу Адыл кан

Ажынын уулу Абыкан

Кыргыздын баатыр шерлери

Душманга тийген чагылган

Эки баатыр аталаш

Ажынын уулу Абыкан

Ала-Тоонун жолборсу

Субандын уулу Адыл кан

"Казак-кыргыздын чабышы" (казал ыр). Молдо Кылыч, 1903-жыл. "жаштык жарчысы" июль. 1991-жыл. Бишкек. басмага берген Бошкой Сатаев.

Адыл баатыр бакырып,

Эсенгулдап чакырып

Аксурдун башын чулгутуп,

Андан алыс чуратып,

Оозунан кобук буратып,

Алдына туура келгенди

Наркескен менен сулатып

Алмадай башын кулатып

Аксур атты теминип,

Ак жолборстой чамынып,

Ат боорунан кан кылып

Артын калын чан кылып

Айбалта жанда жаркылдап

Асаба колдо калкылдап

Атадан азыр туулбас

Адыл баатыр арстанды,

Айып корбо айтканды

Ак албарсты майлады

Ажалдууну жайлады

"Сарыбагыш-Бугу салгылашы" (казал ыр). Алдаш Молдо (Алдаяр Жээнике уулу) 1992-жыл. 34-бет.


Маалымат булактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)

"Очерки политической истории Киргизии 19 века" Академик Б. Джамгерчинов. Фрунзе 1969 год. Изд. "Кыргызстан" 141-бет.

"Мухтасар Тарих Кыргызие" Осмонаалы Сыдык уулу. 1911-жыл.Уфа. "Шарк" басмаканасы.

"Тарих кыргыз шадмания" Осмонаалы Сыдык уулу.1914-жыл.Уфа. "Шарк" басмаканасы.

"Кызыл Кыргыз тарыхы" Белек Солтоноев. 1934-жыл. Бишкек. "Учкун" концерни, 2-китеп. 67-бет. 1993-жыл.

"Кыргыздар" 2-китеп. 41-бет."Тарых, тупку аталар" Байымбет Тоголок Молдо. 1920-жыл. Бишкек 1991-жыл "Кыргызстан" басмаканасы.

"Казак-кыргыздын чабышы" (казал ыр). Молдо Кылыч, 1903-жыл. "жаштык жарчысы" июль. 1991-жыл. Бишкек. басмага берген Бошкой Сатаев.

"Сарыбагыш-Бугу салгылашы" (казал ыр). Алдаш Молдо (Алдаяр Жээнике уулу) 1992-жыл. 34-бет.