Адыр, дөңсөө

Википедия дан
Адыр‎»‎ барагынан багытталды)

Адыр, дөңсөө - Кыргызстанда жана чектеш өлкөлөрдө тоо этектерин ээлеген дөңсөөлөр. Ага тоо этектеринде же аларга жакын аймактарда таралган дөңсөөлүү, капталдары кокту-колоттуу, жанаша жаткан түздүктөрдөн 100-400 м көтөрүңкү, үстүңкү бети лёсс же төртүнчүлүк мезгилдин талкаланган борпоң тектеринен түзүлгөн аймактар кирет. Адырларга негизинен чөл, жарым чөл жана талаа ландшафттары мүнөздүү. Жазында эфемер өсүмдүктөрү гүлдөп, көк шиберге айланса, жайында алар «күйүп» кетип, боз талаага, чөлгө айланат. Адырлар Кыргызстандын аймагында, айрыкча Фергана өрөөнүнүн тоо этектерине жана Ички Теңир-Тоонун өрөөндөрүндө кеңири таралган. Ага байланыштуу энчилүү аттар да арбын: Адыртөр, Отузадыр, Доңузадыр жана башка.