Ажалдуу согуш (кинотасма)

Википедия дан
Ажалдуу согуш (кинотасма)

Mortal Kombat
Режиссеру Пол У.С. Андерсон
Жазуучу Кевин Дрони
Сценарийи Кевин Друни, Эд Бун, Жон Тобайс
Оператору Жон Р. Леонетти
Негизинде компүтердик оюн "Mortal Kombat"
Тартылгандар Робин Шу, Кристофер Ламберт, Кэри-Хироюки Тагава
Музыкасы Жорж С. Клинтон
Директору Лоуренс Казанофф
Лаури Апелиан
Роберт Энгелман
Редактору Мартин Хантер
Студия Threshold Entertainment, Midway Games
Жайылтуучу New Line Cinema
Узактыгы 101 мүнөт
Өлкөсү АКШ
Тили англисче
Бюджети 18 млн.$
Киреше 122,195,920 $

Ажалдуу согуш (англ. Mortal Kombat)- Пол У.С. Андерсондун дүйнөдө эң биринчи компүтердик оюндун (Mortal Kombat) негизинде тартылган фантастикалык кинотасма. 1997-жылы уландысы Ажалдуу согуш 2: Кыруу тартылган.
Ар бир муунда үстөмдүк кылган кудайлар менен Жерди Сырткы Дүйнөнүн кара күчтөрүнөн сакташ үчүн ишке ашырылган, Ажалдуу Согуш аттуу байыркы турнир өтүп турат. Эгер Жамандыктын күчтөрү 10 жолу катары менен турнирди утуп кетишсе, Император Жерди басып алат. Азыркы учурда Жамандыктын күчтөрү тогуз турнирди утуп алышкан, мындан кийинки турнир Жер үчүн акыркысы болушу мүмкүн. Мурунку шаолиндик монах Лю Кан жана анын достору: голливуддук киножылдызы Жонни Кейж жана атайын кызмат агенти Соня Блейд, өлүшөөрүнө карабастан өзүлөрүнүн кадимкидей эмес душмандарын жеңүүлөрү керек.
Ажалдуу Согушка катышуу үчүн тандалышкан болсо да, ар биринин катышууга өзүнүн себеби бар. Лю Кан каардуу Шан Цзун менен өлтүрүлгөн өзүнүн байкеси Чен үчүн өч алгысы келет. Соня Блейд өзүнүн биргелешип иштеген шеригин өлтүргөн, Кано киши өлтүргүчтү издөөдө. Жонни Кейж өзүн пресса жазгандай жасалма эмес, согуш чебери экендигин далилдеш үчүн катышат. Аларды Гонконгдогу жээктен кызыктай болгон кеме, турнир болчу Шан Цзундун аралына алып барат. Кемеден алар эки душман болуп калчуу: Лин Куэй Саб-Зиро жана элес-ниндзя Чаянды жолуктурушат. Ал экөө Шан Цзундун менталдык карамында. Турнир башатала элегине карабастан Чаян менен Саб-Зиро оң каармандарга кол салууга аракеттенишет. Бирок чагылган кудайы Рейден кийлигишип, аларга эмне болуп аткандыгы тууралуу айтып, коркунучтан алып кетет.
Аралга келишип, Жердин сакчыларын Шан Цзун, кийинки күнү өтүүчү биринчи раундка чакырат. Бирок Шан Цзун Ажалдуу Согуштун жеңүүчүсү төрт колдуу Горого жашыруун түрдө, Императордун кызы канбийке Китана аларга чыккынчылык кылып, Лю Кандын тарабына өтүп кетиши мүмкүн экендигин айтат. Биринчи салгылашууларда Сырткы Дүйнөнүн жоокерлери жеңишет, Шан Цзун жеңилгендердин жандарын жутат. Өлгөндөрдүн бири оң каармандардын досу Арт Лин болот, аны Горо өлтүрөт.
Мындай жоготуулардан кийин Жердин жоокерлеринин айлалары кетет, бирок Рейден аларды тайманбас согушка шыктандырат. Жонни Кейж, Соня жана Лю Кан Чаянды, Канону жана Саб-Зирону жеңишет. Горо менен согушкусу келген Жонни Кейж Шан Цзун менен келишимге келет. Жонни Кейж менен Горонун согушаарында, Шан Цзун каалаган убагында өзү каалаган Жердин сакчысын өзү менен согуша турганга, финалдык жекеме-жеке күрөшкө тандап алаарын айтат. Акыры Жонни Кейж Горону аскадан ыргытат. Шан Цзун Соняны уурдап, буга укугу бар экендигин айтып, Сырткы Дүйнөгө качат. Рейден аяка бара албайт, Лю Кан жана Жонни Кейж Шан Цзундун артынан калбай барышы керек экендигин түшүндүрөт. Эгер экөө салгылашуудан баш тартышса, жеңиш Сырткы Дүйнөгө таандык болот, ошондой эле Соня Шан Цзунду жеңе албастыктан, баары бир тандалгандардын бирөөсү аны менен согушушу керек. Лю Кандын Рептилия менен согушунан кийин Сырткы Дүйнөдөн аларды Китана тосуп алып, бул жер тууралуу жана анын тагдыры тууралуу чындыкты айтып берип, Шан Цзундун шек санаганын тастыктайт. Андан кийин монах кийими-рясаларды кийип, Соня камалган Шан Цзундун мунарасына уурданып өтүшөт. Жони менен Китана Соняны бошотуп атышканда, Лю Кан сыйкырчы Шан Цзунду Ажалдуу Согушка чакырат. Катаал согуш Лю Кандын жеңиши жана Шан Цзун жуткан жандардын бошотулушу менен аяктайт.
Лю Кан менен Китана жетелешип, Жонни Кейж жана Соня Блейд экөө бири-бирин жактырышып, кайра Жерге барышат. Рейден аларды тосуп, Жерди сактап калгандары менен куттуктайт. Бирок майрам Жердин жашоочуларын коркуткан Шао Кандын келиши менен үзүлөт. Рейден жана төрт жоокер жаңы салгылашууга даярданышат.

Ролдордо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кызыктуу фактылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кинонун негизинде жазылган китепте, Соня Канону өлтүрбөйт. Ошондой эле Жонни Кейж персонажы китепте жок.
  • Башында Сони Блейддин ролун Камерон Диас аткармак, бирок алакан сөөгүн кино тартуу башталганда сындырып алган.
  • Чаяндын добушун Эд Бун кылган , «Mortal Kombat» оюнунун жасоочусу.
  • Кино көбүнчө «Выход дракона» кинотасмасында негизделген(1973).
  • Сценарийден Шан Цзун Арт Линди Эстеликтер бакчасына, Кун Лао эстелигинин жанына көмдүргөнүн кесип салышкан. Ошондой эле сценарий боюнча Соня менен Джейд согушкан жери бар эле.
  • Лю Кандын ролуна Джейсон Скотт Ли, Рассел Вонг жана Филлип Ри талаптанышкан.
  • Жан-Клод Ван Дамм Жонни Кейждин ролун аткарса болмок, бирок баш тартып, «Көчө күрөшүүчү» кинотасмасына тартылган. Ошондой эле Жонни Кейждин ролу Брендон Лиге, бирок ал Каарга кинотасмасына кетип калган.
  • Лю Кан менен Рептилиянын согушунда Кейт Кук-Хирабаяси (Рептилия) Робину Шунун (Лю Кан) кабыргасын сындырып алган, бирок ал унчуккан эмес кинотасма тартуу улана берген.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]