Каныбек Ажимудинов

Википедия дан
Ажимудинов, Каныбек‎»‎ барагынан багытталды)

Ажимудинов, Каныбек - жазуучу, драматург. Жумгал районунун Кызарт айылында 1953-жылы 8-октябрда туулган.
1971 - 1976-жж. Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуган.

1976 - 1983-жж. «Кыргызстан пионери» гезитинде кабарчы, 1984 - 1989-жж. «Кыргызстан маданияты» гезитинде кабарчы, бөлүм башчы, 1989 - 1991-жж.
Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн сатира жана юмор бөлүмүндө редактор, 1991 - 1992-жж. Токтогул атындагы мамлекеттик филармониясынын адабий бөлүмүнүн башчысы, 1992 - 1996-жж.
Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин драматургия искусствосу боюнча редактору, 1996-жылдан Кыргыз Мамлекеттик балдар жана өспүрүмдөр театрында адабият бөлүмүнүн башчысы,
«Кыргыз Караван» гезитинин башкы редакторунун орунбасары, 2004-жылдан Кыргыз Улуттук филармониясынын адабий бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келет.

К.Ажимудинов чыгармачылык жолун 1976-жылы баштаган. Балдар үчүн «Мойнуңа ал Бекболот», «Айжан» аттуу бир актылуу пьесалары биринчи чыгармаларынан болуп эсептелет. 1985-жылы «Тамаша» аттуу сатиралык жыйнагы жарык көргөн.
Ал «Тажрыйба», «Анонимка», «Тирүү өлүктөр», «Айланайын партия, кагылайын демократия», «Сагызган сагынан өлбөйт» көп актылуу комедиялардын, «Сараң бий», «Кырсык», «Чокчолой баатыр» аттуу драмалардын, бир топ сатиралык аңгемелердин жана интермедиялардын автору, пьесалары профессионал жана элдик театрларда коюлган.
Кыргыз Республикасынын Театр ишмерлери (1984) жана Жазуучулар союздарынын (1990) мүчөсү. Эл агартуунун отличниги.

Билим берүү министрлигинин, ЛКЖС БКнын, Журналисттер союзунун Ардак грамоталары менен сыйланган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тамаша: Сатиралар жана интермедиялар. - Ф.: Мектеп, 1985. - 36 б.

Бөрү заман: Сатиралык аңгемелер. - Б.: БГУнун басмаканасы, 2003. - 150 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]