Ажыбекова, Клара

Википедия дан
Клара Ажыбекова
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Клара Ажыбекова
Туулган жылы: 19-декабрь 1946-жыл
Туулган жери: Нарын шаары, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желеги
Ишмердүүлүгү: философ

Ажыбекова Клара (19.12.1946-ж. Нарын ш.) — философ, философия илимдеринин доктору (1991), профессор (1993). Кыргызстан коммунисттер партиясынын мүчөсү.
1970-ж. КММИни врач-педиатр адистиги боюнча бүткөн.

1973-ж. аспирантураны бүткөндөн кийин КМУда окутуучу, улук окутуучу, 1978-жылдан КММИнин философия кафедрасында доцент, 1983-жылдан Кыргызстан КП БКнын лектору, 1989—90-ж. КПСС БКнын коомдук илимдер академиясында докторант, 1990—91-ж. Саясий агартуу үйүнүн башчысы, Кыргызстан КП БКнын идеология бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Кыргызстан КП БКнын Политология жана социалдык башкаруу институтунун ректору, 1991-ж. августтан республиканын Министрлер кабинетинин Башкаруу институтунун укук жана психология кафедрасынын башчысы, 1992—95-ж, Бишкек гуманитардык университетинин философия кафедрасынын башчысы, ошол эле мезгилде 1993-жылдан ушу күнгө чейин Кыргызстан-Орусия славян университетинде психология жана философия кафедрасынын профессору.
Ажыбекова диндин философиясы жана илим менен техниканын философиясы боюнча адис.
Эмгектери коомдун чыңалуу учурунда жаштардын динчилдик механизмин изилдөөгө, илимий-техникалык революция шартында адам экологиясынын философия маселелерин иликтөөгө арналган.

70тен ашык илимий эмгектин (анын ичинде 7 монография — өзүнүкү, 3 окуу куралы — авторлош) автору. 1992-жылдан Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, "Союз жана Кыргызстандагы элдердин боордоштугу үчүн" кыймылынын координациялык советинин төрайымы. Аялдардын Бүткүл дүйнөдөгү тынчтыкты жактаган эл аралык федерациясынын төрагасынын орун басары.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]