Ажыдаар үңкүрү

Википедия дан

Ажыдаар үңкүрү - Ноокат районундагы Төөмоюн тоосунун боорундагы карстык үңкүр. Жалпы узундугу 110м, туурасы 20 мге чейин, бийиктиги 3 мдей. Үңкүрдүн эки оозу бар, бир оозу кенен дого сымал келип, жар үстүндө жайгашып, жолдон көрүнүп турат, экинчиси тоо капталында. Үңкүрдө Кызыл китепке жазылган жарганаттардын (тик кулак жана кош эрин жарганаттар) колониясы бар. Ажыдаар үңкүрдө мурда эл ыйык туткан; ал жөнүндө эл арасында көптөгөн уламыштар тараган. 1975- жылдан бери геологиялык заказник.

интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]