Азамат Алтай

Википедия дан
Азамат Алтай.

Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) (1920-2006) - кыргыздын чыгаан журналисти, публицисти жана диссидент коомдук ишмери.

Өмүрүнүн башатынын урунттуу учурлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1920-жылы 15-сентябрда Кыргызстандагы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунда Корумду (кийинчерээк - Кызылчек, андан соң - Бөкөнбаев) айылында туулган. 15 жашында Түп районундагы зооветтехникумда окуп келгенден кийин комсомолдун Тоң райондук комитетинде жаш муундарды тарбиялоо бөлүмүндө иштеп жүрүп, 1940-жылы аскерге кеткен. Улуу Ата мекендик согуш маалында, 1941-жылы Литвада туткунга түшүп, уруш аяктаганга чейин фашисттик концлагерде болгон. 1945-жылы Батыш ынтымагынын аскерлери тарабынан боштондукка чыгарылып, Батыш Европада туруп калган.

Тактап кетүү зарыл болгон жагдай – Кудайберген Кожомбердиев эч качан «Түркстан легионунда» кызмат кылган эмес. Айрым мезгилдүү басма сөздөгү аны алиги легион менен байланыштырган маалыматтар дареккке негизденбеген, чындыкка таптакыр коошпогон жоромол болуп саналат.

Кудайберген Кожомбердиев 1940-жылдардын аягында Батыш Европада жашап калган Борбор Азиялык бозгундардын «Түрк эли» уюмунун ишмердигине активдүү катышкан. «Түрк эли» уюму Борбор Азиядагы советтик жумурияттардын көз карандысыздыгы, өз келечегин өзү аныктоо укугу, демократиялык болочогу үчүн күрөшүү максатын көздөгөн.

Ошол жылдары ал Мюнхенде кыргыз, казак, орус, өзбек, түркмөн тилинде чыккан «Түрк эли» журналына кыргыздардын тарыхы, маданияты, советтик бийликтен запкы жеген кыргыз жазуучу, илимпоздору жөнүндө макалалар жазып турган. Батышта бозгунчулукта өмүр сүрүүгө аргасыз болгон белгилүү орусиялык диссидент Александр Керенский, окумуштуу Александр Беннигсен, полиглот чыгыш таануучу Ханс (Йоханнес) Бензинг жана башка интеллектуалдар менен тыгыз байланышып турган.

Кудайберген Кожомбердиев 1950-жылдардан тартып Франция, Германия, Америкада кыргыздардын тарыхын, маданият-салтын изилдеген окумуштууларга жардам көрсөтүп, кыргызча булактарды англисчеге которуп, жалпы Батыштагы Борбордук Азиялык элдерге тийиштүү адабиятты жалпылап, чоң каталог түзүүгө катышкан.

Азамат Алтай жана "Азаттык"[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1953-жылы ал башкеңсеси Мүнхенде жайгашкан «Азаттык» үналгысына (азыркы «Эркин Европа-Азаттык» үналгысынын Кыргыз кызматына) ишке кирип, 18-мартта туңгуч кыргызча берүүнү обого чыгарган.

Бир аз убакыттан соң ал Нью-Йоркко кетип, Колумбия университетинин китепканасынын түркология бөлүмүндө иштеп калат. Ошондо да ал «Азаттык» менен тыгыз кызматташкан.

Аким Өзгөн (13.12.1953-27.3.2017), "Азаттык" үналгысынын мурдагы директору (1989-1995).

Ошондон тарта 40 жылга чамалаш өмүрү «Азаттыкка» арналды. Кыргыз кызматынын үзгүлтүксүз иштеп турушуна, чет өлкөлөрдө жашап калган кыргыз жаштарын бул кызматка тартууга чоң салым кошту.

АКШдагы турмушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1961-жылы ал АКШнын паспортун алып жатканда "Азамат Алтай" деген ысымды алган. «Алтай» сөзү аркылуу кыргыздын тарыхый тамырын Ала-Тоо менен чектебестен, Алтай, Энесай менен да байланыштыргысы келсе, «Азамат» сөзү аркылуу эл-жерине карата атуулдук сезимин чагылдырган.

Азамат Алтайдын тарых менен адабиятка болгон кызыгуусу өтө зор болгондуктан, ал тээ 1920-жылдардан бери Кыргызстанда чыккан гезит-журналдарды почта аркылуу АКШга алдырып, илимий китепканага чогултуп келген.

Кыргыз адабиятына кызыккан Батыштык изилдөөчүлөр окусун деп, Касым Тыныстановдун китебин кириллицадан латын арибине которуп жазып чыккан. Бул китепти азыр АКШдагы Колумбия университетинен таап окуса болот.

Париждеги басылманын өтүнүчү боюнча 1970-жылдары Библияны алгачкылардан болуп «Ыйык инжил китеби» деген аталышта кыргызчага которгон, бул ишке 10 жылдан ашуун эмгеги кеткен.

Кайрадан Мүнхенде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Совет доорунда "Азаттык үналгысы" (Эркин Европа-Азаттык үналгысынын Кыргыз кызматы) өз берүүлөрү бүт дүйнө жүзүнө тараган кыргыз тилиндеги көзгө басар объективдүү маалымат каражаты болгонун эске алсак, Азамат Алтайдын Кыргыз кызматынын кабарчысы жана деректири катары кошкон салымы залкар баага арзыйт.

"Азаттык" үналгысынын башатында турган жана анын мурдагы деректирлеринин бири Азамат Алтай өзүнүн кенже кесиптеши, 2003-2010-жылдары аталган үналгынын деректири болгон Тынчтыкбек Чоротегин менен. Прага шаары, Чехия. 2003-жылдын 6-июну.

Ал 1970-жылдардын соңунда ал кездеги "Азаттыктын" деректири Төлөмүш Жакып уулунун чакыруусу менен Нью-Йорктон Мүнхенге кайра кайтып келип, оболу кызматкер, андан соң Төлөмүш Жакып уулу оорусуна байланыштуу ардактуу эс алууга чыкканда, "Азаттыктын" деректири кызматын (1984-1988) аркалаган.

1989-жылы өзү да ардактуу эс алууга кетип, ордуна өзү телчиктирген шакирти Аким Өзгөн деректир болуп калган. Андан кийин профессор Чарлз Карлсон, профессор Тынчтыкбек Чоротегин "Азаттык" үналгысын жетектеп келишти. 2010-жылдын 1-октябрынан бери бул кызматты Венера Сагындык кызы Жуматаева жетектеп келет.

Азамат Алтайдын кенже шакирти, профессор Чарлз Карлсон Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде. 26.02.2010.

Азамат Алтай 1989-жылдан өмүрүнүн соңуна чейин АКШнын Нью-Йорк шаарында байырлады.

Кыргызстанга сапары жана атуулдук иш-чарасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азамат Алтай оболу 1994-жылы Кыргызстанга чакырык алды. Ошол жылдын 1-сентябрында Кыргызстандын Жогорку Соту аны толук актады. Совет доорунда ага карата сыртынан коюлган айыптардын баары негизсиз экени, ошентип, сот тарабынан тастыкталды.

Ал 1995-жылы 24-августтан 11-сентябрга чейин эгемен Кыргызстанга сый конок катары келип, "Манас" дастанынын мааракесине катышты, Түгөлбай Сыдыкбеков, Кусейин Карасаев, Жусуп Мамай сыяктуу кыргыз залкарлары менен жолукту. Анын бул сапарын уюштурууда коомдук ишмер, драматург Бексултан Жакиевдин ролу чоң болду.

Ал өзү 1950-жылдардан бери кыргыздын тарыхы, маданияты, адабияты боюнча чогулткан архивинин бир бөлүгүн 1995-жылы Кыргызстандагы Жалал-Абад университетине тартуулады. Кийинчерээк Жалал-Абад университетинде Азамат Алтайдын бурчу ачылды. Ушул тапта андагы студенттер чет өлкөдө жашаган мекендешинин өз эли үчүн жандилинен жасаган эмгегине күбө боло алышат.

Азамат Алтай Кыргызстандын АКШ менен Канададагы туңгуч элчиси Роза Отунбаеванын кеңеши менен 1995-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин Жалал-Абад менен Караколдогу университеттердин мыкты окуган студенттерине жеке өзүнүн атынан жыл сайын 500 доллардан сыйлык берип келди.

Ал Кыргызстандагы саясий жараянга дайыма калыс баасын берип келген публицист катары тарыхта калмакчы.

Акыркы сапар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Азаттык үналгысынын" негиздөөчүсү, Кыргызстандагы демократиялык жараянга бараандуу салым кошкон коомдук ишмер Азамат Алтай рак оорусунун айынан 2006-жылы 23-майда Нью-Йорк убактысы боюнча таңкы саат 06:25те дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү, өзүнүн керээзине ылайык, маркум жубайы Сания (Saniye Altay; 19.12.1921 - 19.11.2005) апанын кабырынын жанына коюлган. Маркумду акыркы сапарга узатуу расмысы Нью-Йоркто өткөрүлгөн.

АКШдагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Нью-Йоркко чогулуп, Азамат Алтайдын туугандарынын азасын бөлүштү.

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Кыргызстан": Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы редактору академик Үсөн Асанов. - Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. - 688 бет, илл. - ISBN 9967-14-046-1.
  • Үркүн — 100: Кылымдар унуткус кыргын: Макалалар, блогдор, маектер, эскерүүлөр / Жооптуу редакторлор Т.Чоротегин, В.Жуматаева, Б.Сарыгулова, З.Бактыбаев. — Бишкек: Турар, 2017. — 408 б.+48 б. сүрөт. — ISBN 978-9967-15-689-0. — «Азаттык» үналгысы.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]