Азиз Несин

Википедия дан

Азиз Несин (түрк. Aziz Nesin, чын аты-жөнү Мехмет Нусрет / Mehmet Nusret Nesin; 1915-1995) — 20-кылымдагы чыгаан түрк жазуучусу, сатирик.

Кыскача өмү таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мехмет Нусрет жаш кезинде аскердик билим алган. Көркөм өнөр академиясында окуган.

Сабахаттин Али чыгарган «Марко паша» газетасында иштеген.

Кийин Түркиядагы өкмөткө каршы макалаларды жарыялагандыгы үчүн ал газетага тыюу салынган.

Көптөгөн күлкүлүү аңгемелердин, романдардын автору, саясий ж-а социалдык сатиранын чебери.

А. Н. «Бошонгон жиндилер», «Иш адамы» аңгемелерин жазган.

Ал түрк турмушунун терс жактарын, партиялардын ортосундагы саясий келишпөөчүлүктү «Кайсы партия жеңет?» (1957), «Өлгөн эшек» (1958), «Азамат» (1959) аттуу чыгармаларында келекелейт.

А. Н-дин сүйгөн каармандары — майда чиновниктер, жолу болбогон интеллигенттер, жумуш таба албай сенделип жүргөн кембагалдар.

А. Н. «Пил Хамди» (1956), «Казан азган» аңгемелери үчүн сатириктердин эл аралык конкурсунда «Пальма бутагы» сыйлыгын алууга эки жолу арзыган.

Мурдагы СССРде А. Н-дин «Иттин куйругу» (1958), «Тиги дүйнөдөн кат» (1960), «Сиздин саатыңыз нече болду?» (1970) китептери басылып, айрымдары кыргыз тилине которулган.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Азиз Несин. Собачьи хвосты. Юмористические рассказы, М., 1958;
  • Азиз Несин. Если бы я был женщиной. Юмористические рассказы, М.. 1961.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сатириктердин эл аралык конкурсунда «Пальма бутагы» сыйлыгын эки жолу алган.

Кыскача адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]