Хабибилла Азиреткулов

Википедия дан
Азиреткулов, Хабибилла‎»‎ барагынан багытталды)
Хабибилла Азиреткулов
Негизги маалымат
Туулган датасы

12 -июль 1959(1959-07-12) (64 жаш)

Туулган жери

Лейлек району, Көк-Таш айылы

Өлкө

 Кыргызстан

Кесиптери

Аткаруучу, обончу

Хабибилла Азиреткулов - 1959-жылы 12-июлда Лейлек районунун Көк-Таш айылында туулган маданият кызматкерлери, аткаруучу жана Обончу

Биографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1976-жылы Кызыл-Жылдыз орто мектебин бүтүрүп, ошол эле мектепте китепканачы болуп иштеген.
  • 1977–1981-жж. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык-педагогикалык факультетинде окуган.
  • 1981-жылы Кызыл-Жылдыз орто мектебинде музыка мугалими, 1991-жылдан Лейлек районунун маданият үйүнүн директору, 1994–1995-жж. Чүй облустук Шаршен атындагы куудулдар театрында музыка бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
  • 1975-жылы Ө.Дөлөевдин “Өскөн жер” аттуу ырына алгачкы обонун жараткан. 80ден ашык обондун автору. Көпчүлүк обондору Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган. Ырлары Д.Жалгасынова, М.Кадыршаев, Д.Райымбекова, А.Турдалиева ж.б. ырчылар тарабынан аткарылып, “Сен сүйгөн обон” “Кербез” ж.б. ыр топтомдорунда жарык көргөн.

“Студенттик жаз”, Ала-Тоо жазы” республикалык фестивалдарына, патриоттук ырлар боюнча Бүткүл Союздук фестивалга “Уулуңар тирүү катарда” (“Эстелик”) аттуу ыры менен катышып лауреат болгон.

Аткарылып жүргөн чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Жылдыздуу түн” с. Т.Дыйкановдуку
  • “Таарынба” с. С.Жусуевдики
  • “Каркыралар” с. М.Мамазаированыкы
  • “Түшүнөөрсүң акыры” с. Б.Алыбаевдики
  • “Эстелик” с. А.Жакыповдуку
  • “Өскөн жер” с. Ө.Дөлөевдики
  • “Коштошуу вальсы” с. К.Урманбетовдуку
  • “Сен өчпөдүң сезимден” с. К.Урманбетовдуку


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]