Азыкова Эмилия Кулиевна

Википедия дан

Азыкова Эмилия Кулиевна (29. 10. 1935, Фрунзе - 29. 12. 2003, Бишкек) - география илимдеринин доктору (1994). 1958-ж. М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин география факультетин бүтүргөндөн кийин, Кыргыз ССР ИАнын Тянь-Шань бийик тоолуу физикалык география станциясында лаборант, жетектөөчү илимий кызматкер болуп иштеген. 1989-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Геология институтунда лаборатория башчысы. Палеогеография, физикалык география, ландшафт таануу боюнча 90дон ашык илимий эмгектин, анын ичинде 5 монографиянын авторлошу. Анын эмгектери Москва, Санкт-Петербург ж. б. шаарлардан жарык көргөн. «Кыргызстандын аймагынын ландшафты» жана «Жаратылышты коргоо» карталарынын автору. Эмгектери: Особенности формирования современных споровопыльцевых спектров Иссык-Кульской котловины. В кн. Физическая география Прииссыккулья. Ф., 1970 (соав.); Озеро Иссык-Куль (очерки по физической географии). Ф., 1978 (соав.); Атлас Кыргызской ССР. Т. 1., Раздел «Ландшафты». М., 1987; ККИПР (космос). Ландшафтная карта. Масштаб: 1:500 000. М., 1989.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1