Азыркы кыргыз адабий тили

Википедия дан

Азыркы кыргыз адабий тили – кыргыз тилинин өркүндөтүлгөн эң жогорку формасы. Ал адамдардын ишмердүүлүгүнүн түрдүү тармактарын тейлеген, функционалдык стилдери өнүккөн, коомдогу кызматы өскөн, жалпы улуттун кызыкчылыгын көздөгөн адабий тилдин нормаларына салынган тил. Азыркы күндө тил илиминде анын ар кайсы тармактары изилденип, такталып жатат.
Кыргыз тил илими төмөнкү негизги бөлүмдөрдөн турат:

  1. Фонетика – тилдин тыбыштык түзүлүшүн, андагы өзгөрүүлөрдү изилдейт.
  2. Графика – жазуунун өнүгүш этаптарын, алфавит, тамгалар менен тыбыштарды белгилөө өзгөчөлүктөрүн изилдейт.
  3. Орфография – тилдеги сөздөрдү адабий тилдин нормасына ылайык туура жазууну үйрөтөт.
  4. Орфоэпия – оозеки адабий тилдин айтылыш нормаларын үйрөтөт.
  5. Лексикология – тилдин сөздүк курамы, анын өнүгүшү, сөз маанилери жана анын типтерин изилдейт.
  6. Морфология – сөз составы жана сөз түркүмдөрү жөнүндөгү илим.
  7. Синтаксис – сөз айкашы, сүйлөм мүчөлөрү, сүйлөм жана анын түрлөрүн изилдейт.
  8. Пунктуация – тилдеги тыныш белгилери, алардын коюлуш принциптерин, эрежелерин иликтейт ж.б

Диалектилик создор[түзөтүү | булагын түзөтүү]