Айгыржал көрүстөнү

Википедия дан

Айгыржал көрүстөнү - биздин замандын 1-5-кылымында Теңир-Тоо аймагында жашаган көчмөн урууларга таандык археологиялык эстелик. Нарын шаарынын батыш тарабында (7 км) жайгашкан. Бийиктиги 0,30,8 м, диаметри 12 м чейин келген 100гө жакын дөбө-мүрзөлөрдөн турат. Көрүстөндө адамдар жалгыз, кээде түгөйү менен казанактуу жана жарма көрлөргө башы кыбыланы каратып коюлган. Көрүстөндөн карапа, жыгач идиштер, бычак, жебенин учу ж.б. табылган. Байыркы түрк дооруна таандык жоокердин ээр-токумдуу аты менен кошо көмүлгөн көрүстөндөр да кездешкен. 1954-ж. А. К. Кибиров тарабынан изилденген. Бүгүнкү күндө эстелик толук сакталган эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1