Садриддин Айни

Википедия дан
Айни, Садриддин‎»‎ барагынан багытталды)
Айни
Садриддин Саид-Муродзода
Туулган датасы:

15 -апрель 1878(1878-04-15)

Туулган жери:

Сактари кыштагы, Гиждуванга жакын

Өлгөн датасы:

15 -июль 1954(1954-07-15) (76 жаш)

Өлгөн жери:

Дүйшөмбү

Айни (Садриддин Саид-Муродзода) - (15 (27). 4. 1878, Сактари кыштагы, Гиждуванга жакын - 15. 7. 1954, Дүйшөмбү) - тажик адабиятынын негиз салуучусу, илимпоз, коомдук ишмер, Тажик ССР ИАнын биринчи президенти (1951), Тажик ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1940), Өзбек ССР ИАнын академиги.

Бухарадагы медреседе окуган. Тажик, өзбек тилдеринде жазган. Анын «Одина» повестинде (1924), «Дохунда» (1930), «Кулдар» (1934) романдарында тажик элинин жүз жыл ичиндеги турмушу, басып өткөн тарыхый жолу сүрөттөлгөн. Ал «Сүткордун өлүмү» (1939, 1952) повестинде ачкөз сараңдын образын берген. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде курч публицистикалык макалалар менен тарыхый көркөм очерктерди (мисалы, «Мукананын көтөрүлүшү») жазган. 1948-жылдан өмүрүнүн акырына чейин «Эскермелер» аттуу көркөм автобиографиялык китебинин үстүндө иштеген (орусчасы «Бухара», 1-4-китеп, 1949-54; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1950). Азия элдеринин тарыхы жа филологиясы боюнча изилдөөлөрдүн, «Мангыт династиясынын эмирлеринин тарыхы» (1923), «Тажик адабиятынын үлгүлөрү» (1926) антологиясынын, Рудаки, Фирдоуси, Ибн Сина, Саади, Навои, Васифи, Бедил ж. б. жөнүндө очерктердин жана монографиялардын автору. Айнинин чыгармалары дүйнө элдеринин тилине, анын ичинде кыргыз тилине да которулган. СССР Жогорку Советинин 3 -4-шайланышынын депутаты, үч Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1