Ашыраалы Айталиев

Википедия дан
Айталиев, Ашыраалы‎»‎ барагынан багытталды)

Айталиев Ашыраалы (8. 3. 1927-ж. туулган, Чүй облусу, Кант району, Жедигер айылы) - төкмө акын, обончу, ырчы, КРнын эл артисти (1994). Комуз чертүүнү 1942-43-жылдардан баштаган. Жаш кезинен Осмонкул, Калык, Токтонаалы, Ысмайыл жана башкалардан таалим алган. Эмгек жолун 1946-ж. филармонияга келип, ырчы-акын болуп иштөөдөн баштаган. М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында, М. Абдраев атындагы музыкалык мектепте балдарга акындык өнөр боюнча сабак берген. Ы. Борончиев, Т. Шабданбаев, Т. Тыныбеков, Э. Турсуналиев өңдүү акындар менен айтышып, кыргыз ырчыларынын төкмөлүк жөрөлгөсүн уланткан, айтыштын ар кандай салттарын өнүктүргөн. «Карагул ботом», «Ак Мөөр», «Ак Саткын менен Кулмырза», «Олжобай менен Кишимжан» ж. б. дастандарды чебер айтат. Бир катар ырларды жазып, аларга обон чыгарган. «Жылкычы», «Ак шоокум», «Нарындан жазган салам кат», «Жолугабыз аз күндө», «Чабандын саламы», «Оюңда кимдин гүлүсүң», «Түшүнсөң боло суратпай» ж. б. чыгармалары угармандардын арасында элдик ыр катары тараган. «Залкарлар арасында» деген ырлар жыйнагы чыккан (1986). III даражадагы Манас ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1