Жумакадыр Айтбаев

Википедия дан
Айтбаев, Жумакадыр‎»‎ барагынан багытталды)
Айтбаев Жумакадыр

Айтбаев Жумакадыр (1927–2001) - обончу Ак-Талаа районунун Үгүт айылында 1927-жылы туулган. Ырчылыкты М.Баетовдон, К.Нурдөөлөтовдон, М.Мусулманкуловдон үйрөнгөн. «Арпанын Ала-Тоосунан», «Кыздар ай», «Даанышман», «Ойгоном» ж.б. ырларды жашынан ырдап чыккан.

Муса Баетовдун өтүнүчү боюнча 1948-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясына кабыл алынып, анда 1955-жылга чейин иштеген.

1956–1994-жж. Ак-Талаа районунда айылдык, райондук клубдардын башчысы болуп эмгектенген. Ал Б.Эгинчиевдин «Сайрасын булбул багыңда», Ж.Шералиевдин «Сүйүү» аттуу ж.б. ырларды жогорку чеберчиликте аткарган.
Ал 50дөн ашык обондорду жараткан. Алардын ичинен «Соң-Көлдүн көрүнүшү», «Гүлдөтүп колхоз талаасын», «Жайлоонун көркү мал менен», «Өтпөсүн жаштык убагың», «Мусакем өскөн айылда» ж.б. ырлары калк арасына кеңири тараган.

Ал Өкмөттүн грамоталары, медалдары менен сыйланган.

Дисктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Көрүнүп койсоң болбойбу – Ж.Айтбаев. Кыргыз ырларынын антологиясы, МОНО М 3035845-46 005.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]