Айтматовдун музей

Википедия дан

Айтматовдун музейи 1978-жылы жазуучунун туулган айылында 50 жылдык мааракесине карата ачылып, 1988-жылы кеңейтилип толукталган. Шекердеги маданият үйүнүн экинчи кабатына жайгашкан. Жалпы аянты 200 м2. Экспозициясынын негизин Ч. Айтматовдун чыармачылык жолун чагылдырган документтери, гезит-журналдык материалдары, кол жазмалары, сүрөттөрү, китептери жана башкайтым түзөт. Миңге жакын экспонаттары бар.

Ата-энеси, үй-бүлөсү, бир туугандары жөнүндө чакан бурч уюштурулган. Музейге жакын жерде (1992) Т. Садыковдун жетекчилиги менен Ч. Айтматовдун чыгармаларынын каармандарынын образдарын элестеткен айкелдер орнотулган (1992). Музейге жыл сайын мектеп окуучулары, республиканын эмгекчилери, акын жазуучулар, чет элдик туристтер, меймандар жана башкайтым келип турушат.

Колдонулган дабияттар.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004 [[Категория:Филология