Айтмырзаева, Асылкан

Википедия дан

Айтмырзаева Асылкан 1950-жылы 12-мартта Аксы районунун Кошдөбө айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган.

1966-жылы Ош облусунун Аксы районундагы Максим Горький атындагы орто мектепти«эң жакшы» деген баалар менен бүтүргөн.

1968-жылы Фрунзе шаарындагы медициналык окуу жайын аяктап, № 3 эмканада алгачкы эмгек чыйырын медициналык кызматкер болуп иштей баштаган.

1977-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн.

1980-жылга чейин Жалал-Абад шаарындагы балдар ооруканасында участкалык дарыгер болуп эмгектенген. Андан соң, № 2 эмкананын башчысы.

1987-жылдан облустук балдар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары болуп иштеген.

Облустук ооруканалар 1999-жылы кошулганда бул кызмат кыскартылып, Айтмырзаева Асылкан оорукананын өспүрүмдөр соматикалык бөлүмүнүн башчылык кызматына которулду.

Айтмырзаева Асылкан 1980-жылдан 1999-жылга чейин бир эле учурда интернатурага келген дарыгерлердин педиатрия адистиги боюнча жетекчиси милдетин да аткарып келди.

Жалал-Абад шаардык жана облустук мамлекеттик администрацияларынын Ардак грамоталары бар.

1997-жылы Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен «Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери» белгиси менен сыйланган. Жогорку категориядагы дарыгер-педиатр.

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген балдар хирургу».


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004.