Айтым

Википедия дан

Айтым – байыркы учурларда ыр деген сөздүн ордуна колдонулган, азыр да Кытайдагы кыргыздар көбүнчө ыр дебей айтым дейт, мисалы, эмгек Айтымы, эм-дом Айтымы жана башкайтым “Айт” деген буйрук этиштен келип чыккандай. Терминдик мааниде азыр уйкаштыгы катуу сакталбаган, эркин, кара сөзгө жакын, элдик ырым-жырымдарга байланышкан чыгармалар. Мисалы, “Нооруз айтымы” дегенди окуп көрөлү: Быйыл кар калың түштү, кыш оор келди,

Бирок Теңирим жалгап,

Калкыбыз кыштан аман чыкты.

Кысырек жалдуу калды,
Кыз эмчектүү калды,
Боз улан богоктуу калды...
Боз токту куйруктуу калды...
Эми минтип кыш кетти.
Кош бол, кышым!
Жаз келди.
Арыба жазым!
Жаңы жыл кирди.
Куш келипсиң, жаңы жыл!
Ылайым, баарыбызга бактылуу жыл бол,
Токчулуктун жылы бол,
Барчылыктын жылы бол,
О-о-мийин!

Акындар айтышында төкмөлүк эң бийик чегине жетет. Айтышка катышкан акындардын тапкычтыгы, ырчылык өнөрү, устаттыгы сыналат. Айтышуу ыгына карай алымсабак айтыш, кордоо айтышы, табышмактуу айтыш болуп бөлүнөт. М. Ауэзов казактарда айтыштын ондон ашык түрлөрү бар экендигин белгилеген. Кыргыз адабиятынын тарыхында АЙТЫМ жанрын өнүктүрүүдө Токтогул менен Эшмамбет, Жеңижок менен Коргол сыяктуу акындардын ролу чоң. АЙТЫМ салтын улантып жана аны өнүктүрүүдө Алымкул, Калык, Осмонкул, Ысмайыл, Токтонаалы баалуу эмгек сиңирген. Азыркы учурда айтыштын салттарын Э. Турсуналиев, АЙТЫМ Айталиев, Т. Абдиев, З. Үсөнбаев жана башка айтым улантууда айтым Мисалы, “Күйөө менен колукту” деген Айтышта мындай айтылганы бар.

Колуктусу:

Ак бараң мылтык асынып,
Аяктай ташка жашынып,
Атып алар жериңде
Суу түбүндө ойногон
Кемерде жатып бойлогон,
Ак чабак болуп кылтылдап,
Сууга кетсем кантесиң? – деп ырдаса ага күйөөсү минтип жооп берет:
Ак чабак болуп кылтылдап,
Сууга кетер жериңде,
Жез кайырмак кылдырып,
Боосун жибек чалдырып,
Сууга алып барып салдырып,
Илип алсам кантесиң.
АЙТЫМ ушинтип улана берет.

Акындар айтышы нукура кыргыз турмушунун, кыргыз чындыгынын улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырган поэтикалык формалардын бирине жатат. Поэтикалык окуя катарында АЙТЫМ эл чогулган жерлерде, ар түркүн каада-салттуу аш-тойлордо жана башкайтым аземдүү жыйындарда жаралат. Ар кандай традициялуу поэзиянын бир түрүндөй эле Айтым өзүнүн тематикалык-мотивдик канондоруна ээ. Традициялуу канондорду канчалык терең өздөш-түрсө, ошончолук деңгээлде акын өзүнүн жеке өзгөчөлүгүн, өз алдынчалыгын ачыкка чыгарат, эл элегинен , айрыкча бир сыноодон өтөт.

Ошондуктан АЙТЫМ кыргыз оозеки поэзиясындагы акындардын жекеме –жеке беттешүүсү, “күч сынашуу”, поэтикалык эрөөлү. Айтышта акындын сөз тапкычтыгы, ойду улам тереңдетип өөрчүтө билиши, көркөм ой-жүгүртүүсүнүн масштабы, кеңдиги, тереңдиги, ошондой эле ырдын ыргагына, уйкашына жараша көркөм сөз каражаттарын өз-өз ордуна коё билиши аныкталат. Ошондуктан АЙТЫМ алгач “саламдашуудан” башталган. Ушул мааниде “Барпы менен Жеңижоктун учурашуусун” мисалга келтирүүгө болот. Барпын саламынан кийин Жеңижок өзүнө мүнөздүү болгон куйкумдуу юмор аралашкан ыр саптарында Барпынын бир аз сынга алат да, төмөнкүдөй табышмак менен кайрылат:

“Балам, жүрөгүңө кол салып,
Бир аз сени сынадым.
Баятан берки сөзүмө,
капа болбо чырагым.

Өйдө өтөт көк дөбөт,
Бул эмине болучу?
Ылдый өтөт көк дөбөт,
Ал эмине болучу?!

Барпы бул табышмакка төмөнкүдөй жооп берет: "Өйдө өткөн көк дөбөт
Амал болот Жеңижок.
Ылдый өткөн көк дөбөт
Шамал болот Жеңижок.
Муну Барпы билбесе,
Жаман болот Жеңижок!”

Чоң акындын сыноосунан өтүп жаткан жаш акынга мындан да каймана, мындан да татаал “күн”, “дил” жөнүндөгү “табышмагын” берет. Барпынын акындык, ойчулдук керемети дал ушул тематикалык мотивде образды ачып берүүдө ого бетер аныкталат. Кыргыз оозеки поэзиясында Айтыштын классикалык үлгүсү катары Жеңижок менен Эсенамандын поэтикалык кездешүүсүн көрсөтсө болот. Бул айтышта жер-суу, тоо-таш, жаратылыш көркү, аалам, ай-күн, жашоо-тиричилигинен баштап, дүйнөнүн жаралыш сырына чейин камтылат. Ушундай тематикалык масштабдуулукка жараша ыр түзүлүшү, көркөм сөз каражаттары, ар түрдүү салыштыруулар, каймана сүрөттөөлөр, литотадан тартып гиперболага чейин, аллегориялык образдар – бардыгы кыргыз элинин турмушуна, каада-салтына ылайык негизделет.

Далай Айтыштарда жеңип чыккан патриарх акын Эсенамандын алдында күчкө толуп, поэтикалык ажары толук ачылып келаткан Жеңижоктун поэтикалык арааны алыстан көрүнүп, дагы канчалык алыска “чуркаары” далилденет. Анткени, бул жөн эле чечендиктин, көркөм сөздүүлүктүн, эпкелишкен уйкаштыктын айтышы эмес, баарынан мурда терең ойчулдуктун жана кайталангыс көркөм образдуулуктун табигый гармониясынан жаралган. АЙТЫМ Жеңижокко кайрылган тиадасында Эсенаман өзүнүн “акындык образын” сүрөттөйт. Эпикалык паралеллизмдин эң бийик деңгээлинде жаралган бул ыр саптарынын бир гана строфасы мындайча:

“Күлүгү болом жылкынын,
Күкүгү болом ырчынын.
Күлдү журттун ичинде,
Күкүктөй сайрап турчумун
.

Күүлөнүп келген ырчынын,
Күрмөлтпөй тилин буучумун.
Күүлөнгөн сендей жетимди,
Күнөөлөп топтон куучумун”.

Эсенамандын зор акындык талантынан жаралган бул таамай тартылган образдарга ошолордун өздөрүнө гана теңтайлаш, маанилеш барабар келген элестүүлүк, курчтук менен жооп берүү күтүлөт. Жеңижок дал ошол образдык курулмаларды табат:

“Күлүгү болсоң жылкынын,
Күнүгө тойго минбейби.
Күкүгү болсоң ырчынын,
Күүлөнсө кыргый тийбейби.

Күкүгү болом деп жүрүп,
Көптөн алдап жеп жүрүп,
Күнөөгө башың кирбейби”
.

Бул ыр саптарында канчалык ирония менен юмор бар экенине карабастан, бири-бирин келекелөө, шылдыңдоо, кемсинтүү сезилбейт. Бул – нукура акындык дилден жаралган бийик образдык курулмаларга дал келген, маани жагынан да, сүрөттөө жагынан да конгениалдуу образдуулук менен жооп берүү, башкача айтканда айтым акындык “күч сынашуу”, жекеме-жеке поэтикалык эрөөл.

Колдонулган дабияттар.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004