Айыл-чарба жерлери

Википедия дан

Айыл чарба жерлери – айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүрүү үчүн арналган, берилген, кодонулган жер участоктору, тактап айтканда: айдоо аянттары, эсалдырылган жер, көп жылдык мөмө бактары отургузулган бакча, чабындылар, жайыттар.
КРнын жер фондусуна кирүүчү, айыл чарба муктаждыктары ж. б. максаттар үчүн бөлүнгөн жер участкалары. Айыл чарба жерлеринин укуктук абалы КРнын Конституциясы, Жер кодекси ж. б. нормативдик укуктук актылар менен жөнгө салынат. Бул багыттагы жерлер азык-түлүк өндүрүү үчүн пайдаланылуучу айдоо аянттары, көп жылдык өсүмдүктөр өстүрүлгөн жерлер, шалбаалар, чабындылар, жайыттар жана өндүрүштү уюштурууга, жүргүзүүгө зарыл түрдүү курулуштарды, коомдук, турак жай имараттарын курууга керектелүүчү аянттар болуп бөлүнөт. Мындай жерлер мамлекеттик жана КРнын жарандарынын менчигинде боло алат. Чет өлкөлүк юридикалык жактар жана жарандар, ошондой эле жарандыгы жоктор жерди мөөнөттүү пайдалануу укугуна ээ. Жайыттар мамлекеттин менчигинде гана болгондуктан, жер пайдалануучуларга мөөнөттүү пайдаланууга берилет. Айыл чарба багытындагы жерлер башка максаттар үчүн пайдаланылбайт. КРнын мыйзамдарында каралгандан сырткары айдоо аянттардын, жүзүмзар, мөмө бактар ж. б. жерлердин аянтын азайтууга жол берилбейт. Айыл чарба жерлерин айыл жергесинде эки жылдан кем жашабаган жана он сегиз жашка чыккан КРнын жарандары гана сатып алууга акысы бар. Айыл чарба багытындагы жерлерди банктар жана атайын финансы-кредиттик мекемелер гана күрөөгө (залог) алат. Жер ээлери жана пайдалануучулар жергиликтүү шарттарды эске алуу менен илимдин, алдыңкы тажрыйбанын жетишкендиктеринин негизинде жерди туура, сарамжал пайдалануу, кыртыштын асылдуулугун жогорулатууга жана эрозия болушуна, шорго же сазга айланып кетишине, кум басышына, отоо чөптөр менен зыянкечтерге каршы күрөшүүгө милдеттүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]