Айыптоо (укук)

Wikipedia дан

Айыптоо (күнөлөө) – жасалган кылмыштын мүнөзү менен оордугуна жараша сотто жекече, жекече-жарыя жана жарыя тартибинде жүргүзүлөт. Жабырлануучу өлүп калган учурда же жаш курагына байланыштуу жарамсыз болсо, же ден-соолугуна байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө өз эркин билдире албаса, анын эрезеге жеткен жакын туугандарынын биринин КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган тартипте кылмыш-жаза иши боюнча күнөөлөнүүчүнүн артынан түшүүгө, ал эми жекече айыптоо иши боюнча тийешелүү жакка каршы айыптоо талабын сунуштоого жана аны колдоого акысы бар. Айыптоо жабырлануучунун даттануусу боюнча гана козголуп, тараптардын өз ара элдешүүсүнөн кийин токтотулат. Элдешүү өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин болууга тийиш. Жабырлануучу же анын мураскору сот өндүрүшүнүн кайсы маалында болбосун өз Айыптоосунан баш тарта алат. КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган учурларда, жабырлануучунун тутунган көз карашына карабастан, прокурор жекече-жарыя А. иши боюнча кылмыш-жаза ишин козгой берүүгө акылуу. Прокурордун айыптоодон баш тартышы жабырлануучунун колдоо укугунан ажыратпайт.
Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7

Шилтемелер[оңдоо]