Айыртамой жазуулары

Википедия дан

Айыртамой жазуулары 1896–1898-жылдары Орто Азия боюнча биринчи жолу түрк руна жазуулары Талас өрөөнүндө табылган. Жазууну жергиликтүү аймак таануучу В. А. Каллаур Дмитриев кыштагынын (азыркы Талас шаары) жанынан тапкан. 1898-жылы ошол эле аймактагы Айыртамой деген жерден Г. Гейкел жетектеген фин экспедициясы дагы эки ташты табышкан. Айыртамой жазуулары жана андан кийин табылган жазуу эстеликтери аткарылышы жактан окшош. Түргөш каганы Сулук Чабышчордун жана анын мурасчыларынын учурунда (716–766) жазылган. Бул эпитафиялар Талас өрөөнүндө Сулук негиздеген түргөш династиясынын бир бутагы болгон жергиликтүү Кара Түргөштөрдүн бийлик жүргүзгөндүгүн ырастайт.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек, 2003
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов”
Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б.”