Акбейит эстелиги

Википедия дан

Акбейит эстелиги Ат-Башы өрөөнүнөн Арпа өрөөнүнө өтүүчү Акбейит ашуусунда деңиз деңгээлинен 3286 м бийиктик-те жайгашкан байыркы, орто кылымдарга таандык көрүстөндөрдөн, 17–18-кылымга тиешелүү күмбөз жана мүрзөлөрдөн турат. Көрүстөн-дөрдүн бир бөлүгү жол куруу учурунда бузулган. 13–14-кылымга таандык күмбөз тегерек формада, жан-жактарына эшик сыяктуу анча баамдалбаган кырлар жасалган. Күмбөздүн төбөсү түшкөн. 17–18-кылымда курулган күмбөз архитектуранын кайталангыс үлгүсү катары эсептелет.

Маалымат булактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]