Акбогус, ашуусу

Википедия дан

Акбогус ашуусу - Академик Адышев кырка тоосунун Акбогус (түндүк) жана Дагдул (түштук-батыш) тармактарынын кошулган жеринде. Деңиз деңгээлинде 3800 м бийиктикте. Акбогус (түштүк-чыгыш) жана Буйга(түндүк-батыш) өрөөндөрүн байланыштырган эки айрыктан турат; төмөнкүсү Калмаксуу, жогоркусу Акбогус. Калмаксуу ашуусу тик аскалуу, Акбогус тайпаң жон, кум шагылдуу жана байыркы мореналуу. Акбогус ашуусу аркылуу Алайкуу өрөөнүн Ажыке жана Гүлчө өрөөндөрү менен байланыштырган жол өтөт. Чыгыш капталы тик,арча токойлуу шалбаа, батышы жантайыңкы, альп шалбаа жана субальп шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Июнь — октябрь айларында ашуу ачык. Топонимдин 2-бөлүгү кыргыз диалектинде жана айрым түрк тилдеринде богус, богоз, богос, бугаз формаларында кездешип, тоолордогу өткөөл, булуң, кокту колоттордун кошулган жери, суу куймасы маанисин туюндурат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]