Акватинта

Википедия дан

Акватинта (италянча aquatinta; латынча aqua – суу, tinta – түс) – тереңдетилген гравюранын техникалык бир түрү. Металл пластинканы асфальт чайыры же канифол күкүмдөрү (көп учурда экөө менен тең) менен тегиз жабышат жана ысытышат; пластинканын үстүнө күкүмдөр майда чекитчелер болуп бекип калат. Мына ушундай жол менен пайда болгон чекмелик кыртышка (грунтка) сүрөт түшүрүлөт. Кислотага туруктуу лакты жебилгенин жардамы менен тартылган нерсенин ак бойдон калчу жерине сүйкөшөт жана тактаны кислотага салуу менен аны акырын оюп алышат. Бул ыкманы көп жолу кайталоо менен сүрөттү карартышат жана терең такты алышат. А-нын гравюрасын жасап жаткан учурда кислота күкүмдөрүнүн арасындагы көрүнгөн металл бөлүкчөлөрүн эритет жана тегиз эмес, одуракай үстүңкү бетке ээ болот жана ал тактардан көчүргөндө ар кандай деңгээлдеги жана түстөгү тактарды берет, к. тереңдетилген гравюра макаласын. Көчүрмөдө А. тушь же акварель менен тартылган сүрөттү элестетет. А-нын техникалык ыкмалары менен материалдарын өзгөртүп жиберүүчү бир нече жасалыш ыкмалары бар. А. XVII кылымдын 60-жылдарында Францияда пайда болгон. Көп учурда аны репродукциялык техника катары пайдаланышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]