Акзоо тоосу

Википедия дан

Акзоо тоосуБорколдой тоосунун Какшаал тоо тизмегине тутумдашкан чыгыш бөлүгү. Ички Теңир тоодо, Миң Теке, Баралбас жана Бикиртик сууларынын алабында. Кеңдик багытында 20 кмге ийилип жатат. Туурасы 5 км. Орточо бийиктиги 4000 м, эң бийик чокусу 4780 м.

Кыры аскалуу, түштүк капталы кыска жана тик, жалама аскалуу; түндүгү жазы — Баралбас өрөөнүнө жантайып түшөт; капчыгайлар бар. Кумдук, сланес, туп, порпирит, акиташ тектеринен түзүлгөн. Мөңгүлүү. Капталдарына субальп жана альп шалбаалуу талаасы жана шалбаа (3300 мге чейин), субнибалдык (3700 м), андан жогору нибалдык-гласиалдык ландшапт алкактары мүнөздүү. Жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]