Акималиев, Алик

Википедия дан

Акималиев, Аликакын. Токтогул районундагы Акчий-Карасуу айылында 1957-жылы 19-ноябрда туулган.

Орто мектепти 1974-жылы бүтүрүп, Советтик Армиянын катарында 1976 - 1978-жж. кызмат өтөгөн.

1985-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктап, райондук, республикалык гезиттерде иштеп келатат.

1988-1995-жж. Токтогул, Жоомарт, Коргол музей комплексин түзүүнүн, 125, 110, 80 жылдык мааракелерин уюштуруунун туңгуч демилгечиси болуп, элдик мурас жыйноочу катары иликтөөлөрдү жүргүзгөн.

1975-жылы «Жаш ленинчи» журналына, «Кыргызстан пионери» гезитине туңгуч ырлары чыгып, «Жалын», «Бир кеменин үстүндө» альманахтарына чыгармалары жарыяланган.

Акын 1987-жылы Алма-Атада өткөн жаш акындардын бүткүл союздук XIV фестивалынын катышуучусу.

1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар, Журналисттер союздарынын мүчөсү.

«Ханбазар times», «Эл үнү» гезиттеринин башкы редактору.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бала мышык: Балдар үчүн ырлар. - Ф.: Мектеп, 1982. - 24 б.

Күнөстүү элет: Ырлар жыйнагы. - Ф.: Кыргызстан, 1989. - 69 б.

Ай ааламга күйүп турган ыр чырак: Тандалмалар. - Б.: Бийиктик, 2002. - 250 б.

Ханда жок байлык. 1-том: Тандалмалар. – Б.: Айат, 2008. – 332 б.

Көрүнбөс калканыч менен арноолор. 2-том: Тандалмалар. – Б.: Айат, 2008. – 400 б.

Чырак: 2-,3-басылышы. – Б.: Бийиктик, 2004–2005. – 332 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]