Акималиев Жамин

Википедия дан
Акималиев Жамин
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Акималиев Жамин
Туулган жылы: 1936-жыл
Туулган жери: Үгүт айылы, Ак-Талаа району, Тянь-Шань аймагы, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, академик, ырчы, обончу, ырчы

Акималиев, Жамин– окумуштуу, академик, илимдин доктору, профессор, обончу жана ырчы.

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1936-жылы Ак-Талаа району, Үгүт айылында туулган.

Кыргыз айыл-чарба институтун бүтүргөн.
Селекция станциясында илимий кызматкер, директор, айыл чарба министринин орун басары, партиянын Сокулук райкомунун биринчи катчысы, айыл чарба институтунун ректору, республикалык агроөнөржай комплекс борборунун төрагасы болуп иштеген.
1996-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Агрардык академиясынын президенти.
100дөн ашык илимий эмгектери жарыяланган.
Республиканын илимине эмгеги сиңген ишмер.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илим жана техника жактан Мамлекеттик сыйлыктын ээси. Ленин, Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу (2) ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жамин Акималиев кыргыз элинин көркөм маданиятыны обончу катары да кирген. Анын "Жалжалым" атуу обону өз доорунда кыргыз эли сүйүп ырдаган өтө популярдуу обондордун бири болгон.

Комуздун коштоосунда аткарган бир нече ырлары Кыргыз радиосунун алтын фондуна жазылып алынган.

Аткарылып жүргөн чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Жалжалым», сөзү А.Токомбаевдики
  • «Чын көңүлүң бар болсо», сөзү А.Молдокматовдуку
  • «Жабыкпа селки жашырба», сөзү Ш.Бейшеналиевдики
  • «Арнагансың ким үчүн», сөзү Ж.Акималиевдики
  • «Сен барсың», сөзү Ш.Бейшеналиевдики
  • «Ак кептерим», сөзү Э.Ибраевдики ж.б.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Абдышев К. "Кылым инсандары" Бишкек 2003-ж.