Акихито

Википедия дан
Акихито (2016).

Акихито (23. 12. 1933-жылы туулган, Токио) — Япониянын императору (1989-2019). Император Хирохитонун тун уулу. 1952-жылы мураскор принц деп жарыяланган. 1956-жылы Гакусюин университетин саясий илимдер жана экономика факультетин бүтүргөн, андан сырткары атасы сыяктуу эле деңиз биологиясын изилдеген. Акихито ихтиология маселелери боюнча илимий макалалардын, Япониянын балыктары жөнүндөгү эмгектин автору. Линнейдин Лондон Коомунун (1986), лондондук Зоологиялык коомдун (1992) жана Аргентинанын Табигый илимдер изилдөө институтунун (1997) ардактуу мүчөсү.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1