Аккарагай

Википедия дан

Аккарагай (лат. Abies alba) - мырза карагайлар тукумундагы дайыма жашыл дарак өсүмдүк. Дарактын бийикт. 30-65 м, сөңгөгүнүн диаметри 2 мге чейин жетет. Кабыгы ачыгыраак боз, жылмакай. Ийнесинин уз. 2-3 см, туурасы 0,2-0,3 см. Бир үйлүү өсүмдүк, айрым жыныстуу. Мөмө берүүчү жаш тобурчагы – жашыл, бышканы – күрөң, уз. 10-16 см. Уругу чоң, уз. 1 смге чейин. Тобурчагы эрте күздө бышып жетилип, уруктары түшөт. Тамыр системасы терең; сөңгөктүү тамыр система жана бир нече күчтүү каптал тамырлары бар. Европанын тоолорунда жапайы түр таралган. Украина менен Белоруссияда өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]