Аккумуляторлор

Википедия дан

Аккумуляторлор (лат. accumulo — жыйнайм, чогултам: ассumulator — жыйнагыч) — учуру келгенде пайдалануу максатында энергия топтоочу түзүлүш. Жыйналуучу энергиянын түрүнө жараша А. электрдик, гидравликалык, жылуулук, инерциялык болуп бөлүнөт. Электрдик А. электр энергиясын хим. энергияга айландырып чогултат. Керек болгондо ал энергия хим. реакциянын негизинде кайра электр энергиясына айландыры-лып, электр тизмегине берилет. Электрдик А. негизги эки түрү бар. К-талуу А. электр кыймылдаткыч күчү жана п. а. к. чоң болгондуктан, стационардык кубаттуу курулмаларда колдонулат. Щелочтуу А. массасы аз жана жөнөкөй болгондуктан, транспортто кеңири таралган. Гидравликалык А. гидравликалык аспаптарда суюктуктар же газдар басымын жана чыгышын теңдөө үчүн пайдаланылат. Жылуулук А. өнөр жай аспаптарын буу жана энергия менен үзгүлтүксүз жабдуу, жылуулук жана күч берүүнү теңдөө максатында жылуулук энергиясын чогултат. Инерциялык А. – кыймыл саны сырткы күчтөрдүн кыймыл санынан көп кыймылдагы нерсе. Буга айлануучу күүлөндүргүч дөңгөлөк мисал боло алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]