Аккумуляция

Википедия дан

Аккумуляция - (лат. accumulatio - чогултуу, топтоо) геологияда - геологиялык процесстердин таасиринен талкаланган тоотектердин жана минералдык заттардын, органикалык калдыктардын жер бетине же деңиз, көл, суу түптөрүнө топтолушу. Алардан кийин диагенездин натыйжасында катуу чөкмө тектер пайда болот. Аккумуляциянын жанар тоо жана чөкмө (седиментация) деген негизги 2 түрү бар. Чөкмөлөрдүн деңиз түбүндө топтолушун субаквалдык аккумуляция, кургактагысын субаэралдык аккумуляция деп аташат. Аккумуляциянын топтолуу орундары менен пайда болуу себептерине байланыштуу деңиз, көл, өзөн, шамал, мөңгү, органоген аккумуляциясы болуп бир нечеге бөлүнөт. Аккумуляциянын натыйжасында аккумуляциялык рельеф пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1