Аксиоматикалык метод

Wikipedia дан

Аксиоматикалык методилимий теориянын дедуктивдик түзүлүшүнүн бирден-бир ыкмасы; аныкталган теориянын (аксиома) далили жок кабыл алынган сунуш тандалат; ага кирген түшүнүктөр ачык эле бул теориянын алкагында аныкталбайт; ушул теория жыйынтыктын эрежесин жана аныктаманын белгилейт; калган бардык ушу теориянын элестери биринчи жана үчүнчүнүн негизинде чыгат.

Аксиоматикалык метод жөнүндө элестер байыркы Грецияда пайда болгон (Элеаттар, Платон, Аристотель, Евклид). Андан улай ушул изилдөөлөр үчүн белгилүү бир теориянын мазмундуу аксиоматикалык түзүлүшү мүнөздүү болгон. Философиянын жана илимдин ар түркүн бөлүктөрүн аксиоматикалык баяндоо аракети жасалат (Спиноза, Ньютон ж. б.). 19-кылымдын экинчи жарымынан баштап аксиоматикалык теорияны формалдык система катары карай башташкан.

Аксиоматизация илимий билимди куруунун бирден-бир методу болуп саналат, бирок аны илимий ачылыштын каражаты катары колдонуу чектелүү. Акыркы 30–40-жылда математика тармагынын аксиоматизациясына гана эмес, физиканын белгилүү бир бөлүмүнө, биологияга, психологияга, экономикага, лингвистикага ж. б. көп көңүл бурулууда.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]