Аксыкет шаар чалдыбары

Википедия дан

Аксыкет шаар чалдыбары – байыркы шаар калдыгы. 10-кылымдарда Фергана өрөөнүнүн борбору болгон. Ал Сырдарыянын оң жээгинде, азыркы Наманган шаарынын жанында жайгашкан. Аксыкет шаары моңголдор мезгилине чейин жана Амир Темирдин тушунда да чоң шаар болуп, көчмөн кыргыздар үстөмдүк кылып турушкан, шаар катары соода-сатык, илим-билимдин да борбору болгон. Орто кылымдагы тарыхчы, Сайпидин Аксылык (Мажму-ат-Таварихтин автору) ушул шаарда туулуп өскөн. 1510-жылы жер титирөөдөн кыйрап, калкы анын жанындагы Наман айылына көчүп кеткен, кийин анын ордуна Наманган шаары пайда болгон.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек, 2003
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов”
Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б.”